Кочкордо 9 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттары тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКочкор районунда социалдык жактан жардамга муктаж 9 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, райондо 2024-жылга 145 квота бекитилген. Бүгүнкү күнгө чейин анын 116сы берилген. Берилген каражаттар тигүүчүлүк, соода-сатык кылуу, пельмен жасоо, такси кызматы, курулуш шаймандарын ижарага берүү менен пайда табуу сыяктуу жеке ишкерчилик кылууга жумшалат.

2022-2023-жылдары жалпы 119 үй-бүлөгө берилген. Алардын акчасын максатуу пайдаланышы үчүн мониторинг жүргүзүлүүдө. Жеке иш кылгандардын алды 30-40 миң сомго чейин пайда табышууда.

Сертификат тапшыруу аземине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Гүлмира Алканова, акимдин орун басары Бермет Абдрахманова баш болгон кызматкерлери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️