Кочкордо 15 бала бакчанын директорлору кызматтан бошотулду. Алар кимдер?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда эмгек стажы 5 жылдан ашкан бала бакча директорлору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасына Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Турсуналиев билдирди.

Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпысынан 5 же андан көп жыл иштеген жетекчилерди ээлеген кызмат ордунан бошотуу боюнча Министрлер кабинетинин токтому чыккан. Кочкор району боюнча 15 бала бакчанын директору кызмат ордун тапшырды.

Кызматтан бошогон директорлордун 10 жылга чейин директор болгондору кайрадан сынак аркылуу директорлук кызматка келе алышат.

Кызматтан бошотулган директорлордун тизмеси:

1. «Фаризат» бала бакчасынын директору Исмаилова Нурзат Ыбырайымбековна, 5 жыл 9 ай иштеген;

Пример HTML-страницы

2. «Байчечекей Кара-Суу» бала бакчасынын директору Муратбек кызы Динара, 6 жыл 2 ай иштеген;

3. «М-Сакин апа» бала бакчасынын директору Сагалиева Махабат Мамырбековна, 10 жыл 4 ай иштеген;

4. «Куруучу» бала бакчасынын директору Ибрагимова Таалайгүл Аттокуровна, 6 жыл 9 ай иштеген;

5. «Наристе И» бала бакчасынын директору Токторбаева Ишенкүл, 17 жыл 1 ай иштеген;

6. Сапарбек Эсеналиев атындагы бала бакчанын директору Абыкешова Жылдыз Асамединовна, 12 жыл 6 ай иштеген;

7. «Ата» бала бакчасынын директору Абдырахманова Айгүл Сатындиевна, 7 жыл 7 ай иштеген;

8. «Асел» бала бакчасынын директору Кыдырмаева Гүлнара Асанбековна, 11 жыл 3 ай иштеген;

9. Сакен Кыдыкеева атындагы бала бакчанын директору Өмүрканова Жыпаркүл, 8 жыл иштеген;

10. «Айсулуу-К» бала бакчасынын директору Темиров Канат Кайыпбекович, 7 жыл 9 ай иштеген;

11. «Мээрим-Нур» бала бакчасынын директору Күлөнтаева Касиет Турдукуловна, 7 жыл 9 ай иштеген;

12. «Баластан нуру» бала бакчасынын директору Багышова Перизат Токтосуновна, 9 жыл 8 ай иштеген;

13. «Аруузат» бала бакчасынын директору Усупбаева Назира Жумабековна, 6 жыл ишетген;

14. «Теңдик-Алтын балалык» бала бакчасынын директору Кубатбек кызы Эльза, 5 жыл 5 ай иштеген;

15. Мисирбек Кубатбеков атындагы бала бакчанын директору Кадыркулова Рахат Бекболотовна, 10 жыл 4 ай иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️