Пример HTML-страницы

Кочкордо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу максатында адистер үймө-үй кыдырышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу максатында адистер үймө-үй кыдырып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор району боюнча, ички мигранттардын саны 477 болсо, алардын үй-бүлөлөрүндө 528 бала тарбияланат. Ал эми тышкы мигранттардын саны 331 болсо, алардын үй-бүлөлөрүндө 442 бала бар.

Кочкор районунун акиминин орун басары Чынара Табалдиева, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мектептердин социалдык педагогдору, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте үймө-үй кыдырышты. Кыдыруунун негизги максаты — үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды, мектепке тартылбай калган өспүрүмдөрдү аныктоо, ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат чогултуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо-шартына анализ жүргүзүү. Ошондой эле башка аймактардан келип, убактылуу жашап жаткан жарандарды аныктоо, тазалыгын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE