Кочкордо өндүрүштүк ишканаларды куруу үчүн 15 гектар жер ижарага берилди

TurmushКочкор районунда өндүрүштүк ишканаларды куруу үчүн 15 гектарга жакын жер аянтынын трансформация иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун аймагында кичи ГЭС жана кирпич заводунун курулушу үчүн жер аянттары сынактын негизинде ижарага берилди. Кочкор районунун акими Курбанбек Камчиев ижара ээлери менен өндүрүштүк ишканаларды тездетип куруу боюнча сүйлөшүп, келишимдерге, иш кагаздарына кол коюшту.

Аким Курбанбек Камчиевдин айтымында, кичи ГЭС жана кирпич заводунун курулуш иштери жай айлары менен башталмакчы. Бул ишканалардын ачылышы менен райондо 80-90 жумушчу орундарды түзүлөт.

«Бул иштер районду дотациядан чыгаруу максатында жасалып жатат. Андан сырткары райондун аймагында балык чарбасын өнүктүрүүгө аракеттер көрүлүүдө. Балык чарбасы үчүн Чолпон айыл аймагында 1 гектар жер аянтынын трансформация иштери бүткөрүлүп, сынактын негизинде ишкерге ижарага берилди. Районду дотациядан чыгаруу үчүн өндүрүштүк ишканаларды ачуубуз керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️