Пример HTML-страницы

Кочкор районундагы Туз айылында 3 сааттык бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районундагы Туз айылында 3 сааттык бала бакчанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мектеп базасында 50 орундуу бала бакча ачылды. 25 орунга инвентарь, оюнчук берилди. Бала бакча ачуу иши Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланды. Учурда 50 бала кабыл алынып, 2 нөөмөт менен иштеп жатат.

Буга чейин айылда бала бакча болгон эмес. Туз айылынан 33 бала Чолпон айылындагы бала бакчада тарбияланып келген. Аларды ата-энелери унаалар менен жеткирип турушкан.

Бала бакчага каттоодо 106 бала турат. Мындан улам ачылыш аземинде бала бакчаны 10 сааттык кылып ачуу маселеси чечилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE