Пример HTML-страницы

Кочкор районунда түндө жүгөрүнүн жалбырактарын үшүк алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКочкор районунда 27-майга караган түнү үшүк жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ормон хан айыл аймагынын Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарында түнкүсүн сууктун күчү -2 … -3 градуска жетип, жаңы чыгып келе жаткан жашылчалардын, жүгөрүнүн жалбырагын бир аз үшүк алган. Бирок алма, өрүк сыяктуу мөмө-жемиштерге зыянын тийгизген жок. Райондун башка айылдарындагы жүгөрүлөр үшүккө чалдыккан эмес.

Жүгөрү айдаган дыйкандар үшүктөн жүгөрүнүн жалбырагы бир аз жапа чеккенин, тамырына зыян тийбегендигин, кайра жанданып өсө тургандыгын айтышууда.

Адистер үшүк жүргөн учурда жүгөрүгө «Антистресс» деген дарынын чачып же 300 грамм «Гумат калия» себүү керек дешет.

«Жүгөрүнүн 6-7 эле жалбырагы жер үстүнө чыгып, үшүк чалган болсо, 4-5 күндөн кийин кайра өсүп чыгат. Эгерде 7-8-9 жалбырак өскөн кезде үшүк жүрсө, анда жүгөрү толук үшүп кетиши ыктымал. Азыр дыйкандар корпой эле койсо болот. Себеби жүгөрү жаңыдан өсүп келе жатат. Үшүгөн жалбырактары куурап, жаңы жалбырак чыгат», — дейт жүгөрү боюнча адис Болоткан Сыдыков.

Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, быйыл 107 гектарга жүгөрү айдалган.

Буга чейин Кыргызгидромет Кыргызстанда 25-26-майда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн маалымдаган. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөрү айтылган.

26-майда күндүз жана 27-майда түндө абанын температурасы кескин төмөндөшү күтүлгөн.

27-майда түндө жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында аба ырайынын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүндүгү айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE