Пример HTML-страницы

Кочкор районунда Нооруз майрамынын урматына бир нече иш-чара уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда Нооруз майрамы Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн алдында салтанаттуу белгиленди.

Маданият үйүнүн өнөрпоздору Нооруз тууралуу сахналаштырылган сценка коюшту. Баба дыйкан үрөн сээп, Кыдыр ата бата берген соң сүмөлөк ооз тийгизилди.

Алгач салтанатты Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов ачып, Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошов райондун калкын Нооруз майрамы менен куттуктады. Кочкор районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Абамүдүн Кашкелеңов жана башкалар куттуктоо сөздөрүн сүйлөдү.

Нооруз күнү райондогу мекеме-ишканалар, мектептердин жамааты өздөрүнүн кол эмгектерин, тамак-аштарын алып чыгышты. Жергиликтүү бийлик тарабынан аларга жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Ошондой эле соодагерлер, ашпозчулар соода-сатык кылып, жармаңке уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE