Кочкор районунда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери текшерилди. Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы менен Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылындагы Ж.Тойгонбаев атындагы №15 кесиптик лицейине тиешелүү 0,32 гектар жер тилке (3 млн 100 миң сомго бааланган) мамлекеттин эсебине кайтарылды. Анын мурунку ээлеринин мыйзамсыз менчик укугу белгиленген тартипте жокко чыгарылды.

Мындан ары аталган жер тилке өзүнүн багыты боюнча пайдаланылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️