Кочкор районунда кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда «Элеттик жарандар 2024» форуму өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага 7 дубандан энелер улуттук кийим кийип келишти. Алгач райондук мамлекеттик администрациясынын алдынан жөө жүрүш башталып, маданият үйүнүн алдына чейин уланды. Маданият үйүндө кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси, улуттук үрп-адаттар чагылдырылып, оюн-зоок өткөрүлдү.

Кол өнөрчүлөрдүн сынагында 1-орунду Көк-Жар айылынан Айнура Исмаилова, 2-орунду Шамшы айылынын зергер тургуну Асанбек Жакыпбаев, Кочкор айылынан Гүлжан Айдаралиева ээледи. 1-орун үчүн 5000 сом, 2-орунду ээлеген кол өнөрчүлөргө 3000 сомдон сыйлык берилди.

Буга чейин мындай фестивалдар Таласта, Токмокто, Балыкчыда, Ат-Башыда, Бишкекте өткөрүлгөн.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️