Кочкор районунда аксакалдар сотунун курамы шайланды

TurmushКочкор районунда аксакалдар сотунун кеңешин түзүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор аймагындагы айылдардын аксакалдар сотторунун төрагаларынын катышуусундагы жыйында курамы 11 адамдан турган аксакалдар сотунун курамы шайланды. Райондук аксакалдар сотунун кеңешинин төрагасы болуп Урмат Шергазиев, орун басары болуп Көк-Жар айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Таалайбек Өмүралиев, катчылыгына Большевик айылынын аксакалдар сотунун төрайымы Сонунбүбү Жолдошова шайланды.

Райондук аксакалдар кеңеши өздөрүнүн устав жобосун иштеп чыкмай болушту. Курам ай сайын чогулуп, ар кандай маселелерди карашмакчы. Аксакалдар сотунун райондук кеңешинин төрагасы Урмат Шергазиевдин айтымында, Кочкор районунда жалпы 11 айыл өкмөтү, 37 айыл бар. Ошол 37 айылда 30 аксакалдар соту уюшулуп иштеп жатат. 37 айылдын 7 айылында аксакалдар соту уюшулган эмес. Айрым айыл өкмөттө жалпы айыл өкмөт боюнча бир эле аксакалдар соту уюшулган.

Район боюнча аксакалдар сотунун жалпы 159 мүчөсү бар. Аксакалдар сотунун райондук кеңеши аксакалдар сотунун ролун көтөрүү максатында, айылдык аксакалдар сотунун иштөөсүнө көмөк көрсөтүү, алар менен тыгыз иштешүү үчүн түзүлүп жатат. Азыркы учурда медиаторлор түзүлүп, аксакалдар соту аткарган иштерди алып барып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️