Пример HTML-страницы

Кочкор районунда айылга чейин түшүп келген эки карышкыр жок кылынды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районундагы мергенчилер бир айдын ичинде малчылардын тынчын алган эки карышкырды жок кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Карышкыр Арсы, Кара-Тоо, Семиз-Бел айылдарынын малчыларынын тынчын алып, талаадан коюн, жылкысын жеп келген. Түнкүсүн короого чейин кирип келип, коюн жегендиктен малчылар мергенчилерге кайрылышкан.

Мергенчилер Мирбек Токтомуш уулу, Нурбек Өмүралие Жон деген жайлоодо карышкырды үч-төрт күн аңдууга алышат. Ошол маалда ал Семиз-Бел айылынын үч короосуна түшүп, койлорду жеп кетет.

Акырында мергенчилер Жон деген жайлоодон карышкырдын канчыгын атып, эки бөлтүрүгүн кармап алышат. Андан соң, эки күндөн кийин Арсынын Чаар-Таш деген жайлоосунан экинчи канчык карышкырды атып алышат.

———

КР президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, зыяндуу жырткыч жаныбарларды атып санын азайтуу үчүн сый акынын көлөмү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, бир баш карышкырга 6000 сом, бир баш чөөгө 2000 сом жана бир баш бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Тиешелүү документтер толук тапшырылгандан кийин социалдык фондго, киреше салыгына төлөмдөрдү кармоо менен карышкырга 4800 сом, чөөгө 1600 сом, бөлтүрүккө 1200 сом сый акы мергенчилердин өздүк эсептерине которулуп берилет.

2023-жылы Нарын облусунун аймагында 117 карышкыр (702 000 сом), 98 чөө (196 000 сом), 2 бөлтүрүк (3000 сом) атылып, жалпы 901 000 сом мергенчилерге мамлекеттен сый акы катары төлөнүп берилген.

«Райондор боюнча алсак, Ак-Талаа району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 17 чөө (34 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом); Ат-Башы району боюнча 58 карышкыр (348 000 сом), чөө 6 (12 000 сом); Жумгал району боюнча 15 карышкыр (90 000 сом), 27 чөө (54 000 сом); Кочкор району боюнча 24 карышкыр (144 000 сом), 38 чөө (76 000 сом); Нарын району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 10 чөө (20 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом) атылып, сый акылары өз убагында которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE