Кочкор-Атада Апас Жумагуловдун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Салтанатка кимдер келди?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-сентябрда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекеси белгиленди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, салнатака майрам ээси Апас Жумагулов, президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебав, Соода өнөр-жай палатасынын президенти, Темир Сариев, мурунку премер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Кубанычбек Жумалиев, Кубатбек Боронов катышты.

Алгач Апас Жумагуловдун басып өткөн жолу тууралуу атайын видео тасма тартууланды.

Ыйгарымдуу өкүл Тилек Текебаев Апас Жумагуловдун эмгеги өлкөнүн экономикалык өсүүсүнө зор салым болгонун белгиледи.

«Геология-минерология илимдеринин доктору, Кыргызстан инженердик академиясынын академиги экендигин эске алганда Жумагулов бир эле учурда мамлекеттик кызматты аркалап, илимий жаатта да өз ишин уланта алган чыгаан инсан десек болот. Биз үлгү алчу улуу инсан. Биздин Кочкор-Ата шаарыбыздын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө кошкон салымын да айта кетишибиз керек», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Ал эми Ноокен районунун акими Таалай Ишенбеков Апас Жумагуловго «Ноокен районунун ардактуу атуулу» наамын тапшырды. Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев калаадагы борбордук сейил бакка маараке ээсинин ысымы ыйгарылганын билдирди.

  • Сейил бак 1956-жылы түптөлгөн, жалпы ээлеген аянты 62 986 чарчы метрди түзөт. Учурда реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Апас Жумагулов Кочкор-Ата шаары жүрөгүнө жакын шаар экендигин айтты.

«Өзүмдү Чүйдөн келген кишимин деп деле сезбедим. Анткени мени жергиликтүү калк, бийлик өз баласындай өстүрүштү. Мен да өзүмдү кочкор-аталыктардай эле сезем. Мага канат байлап учурган куттуу жер. Бир учурда өндүрүү иши аксаганда башымды жерге салган учур болгон. Ошол эле учурда ийгилик жаратып, башты бийик көтөрүп да жүрдүм. Азыр да жумуш жакшы жолго коюлганы мени кубандырат. Айтаарым, балдарынарды нефтичи да кылгыла, өндүрүшкө салым кошсун», — деди ал.

Нефти өндүрүү тармагында иштеген кызматкерлер Апас Жумагулов иштеген жылдарда мунай катмарларына суу куюунун жаңы ыкмаларын ойлоп таап, нефти өндүрүүнүн жылдык көлөмүн көтөргөнүн белгилеп, ыраазычылык айтышты.

Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекеси мамлекеттик иш-чаралардын катарына кирип, жер-жерлерде өткөрүлүп жатат. Саамалыкта алдыда өлкө башчынын катышуусунда да маареке белгиленери айтылды.

Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Балалык кези Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келген.

Апас Жумагулов 1949-жылы борбор калаадагы мектеп-интернатты аяктап, андан кийин Москвадагы Губкин атындагы нефть жана газ мамлекеттик университетине тапшырган. Жогорку окуу жайды 1958-жылы инженер-геолог адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган.

1959-жылдары Чангыр-Таш кенинде башкы геолог катары ишин баштаган. Тоо кен өнөр жайындагы 22 жылдык тажрыйбасынын 16 жылы «Кыргызнефтегаз» ААКта өткөн.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, ошол эле облустун элдик депутаттар кеңешинин төрагасы болгон. 1993-жылдын декабрынан 1998-жылдын март айына чейин Кыргызстандын өкмөтүн башкарган. Ал Кыргызстандын тарыхында эң узак убакыт премьер-министр кызматын аркалаган инсан катары калды.

Кочкор-Ата шаары Кыргызстандагы нефтегаз өнөр жайынын борбору болуп эсептелинет. Шаарда өлкөдөгү нефти жана газ кендерин иштетүү менен алектенген эң ири ишканалардын бири жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️