Кочкор—Арал—Миң-Куш жолунда унаа кыймылы жөнгө салынды

Turmush2022-жылдын 26-27-март күндөрү Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында жааган жаандан Кочкор—Арал—Миң-Куш унаа жолунун 51-53 жана 58-чакырымдарында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы улантылбай, тоскоолдуктар жаралган.

Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын маалыматына караганда, жолдо оңдоо иштери уюштурулуп, унаа кыймылы жөнгө салынган.

Жол кырсыктарын алдын алуу жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында посттор уюштурулуп, унаалардын ортосундагы, өзгөчө оор жүк ташуучу унаалардын ортосундагы 500 метр белгиленген кыймыл аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️