Пример HTML-страницы

Коңшу өлкөдөн мыйзамсыз күйүүчү май ташыган айдоочуларга карата рейддик иш-чара өтүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун аймагында Казакстандан мыйзамсыз күйүүчү май ташыган айдоочуларга карата рейддик иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жеңил унааларга кошумча челектерди орнотуп, коңшу өлкөдөн күйүүчү май ташыгын айдоочулар товарларын жол жээгинде мыйзамсыз сатып келишет. Мындай көрүнүштүн алдын алуу үчүн атайын рейддик иш-чара өтүүдө. Анда унаалар айып короого токтотулуп, андан ары тийиштүү чараларды көрүү үчүн ыкчам тергөө тобу менен салык кызматы чакыртылууда.

Учурда 20дай унаа айып короого киргизилди.

Жыл башынан бери ЖКККБ тарабынан мыйзамсыз ташылып келген 8 тонна 165 литр күйүүчү май алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE