Классташына турмушка чыккан Кыял Иманалиева жолдошу менен бир жерде эмгектенүүдө

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Тоң районунун Эшперов айылынын 43 жаштагы тургуну Кыял Иманалиева. Ал классташына турмушка чыкканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Кыял Иманалиева Казакстандын Кенес-Анархай айылында төрөлүп, ал жерде 6-класска чейин окуган.

«1990-жылдары Бишкек шаарына көчүп келгенбиз. Ж.Баласыгын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин окуп бүтүргөм. Азыркы учурда Тоң районунун ички иштер бөлүмүндө эсепчи болуп эмгектенип жатам.

Турмушка 27 жашымда чыгып, эки уул жана эки кыздуу болдук. Жолдошум Таалай Бектенов Тоң районунун Эшперов айылынын тургуну, экөөбүз классташпыз. Жолдошум дагы Тоң РИИБде участкалык кызматкер болуп иштейт. Ал ИИМдин Академиясын окуп бүтүргөн. Жолдошум балдарга жакшы көңүл бурат. Эки балам күрөшкө катышат, 2-класстагы кызымды бийге, орус тили ийримине алып барат. Милиция кызматкеринин жумушу оор, күнү-түнү чакыруу болот. Жумушка эртең менен чогуу кетебиз. Андан кийин өз жумуштарыбызда иштейбиз. Кечинде эле үйдөн көрүшөбүз. Жумушта экөөбүз кесиптеш катары жүрөбүз», — деди ал.

Кыял Иманалиеванын айтымында, кайын энеси менен чогуу жашашат. Ал кайын журтка өзүңдүн бир тууганыңдай мамиле жасоо керектигин кошумчалады.

«Жолдошуңар жумушка кетип жатканда кийимин тазалап, таттуу тамак берип, күлүп-жайнап жөнөтүү керек. Чарчап келсе, күлүп-жайнап тосуп алгыла. Кайын журтка өзүңдүн бир тууганыңдай мамиле жасоо зарыл.

Пример HTML-страницы

Бош убактыбызда үй-бүлөбүз менен бассейнге барып эс алганды жакшы көрөбүз. Келечекте балдарыбызды окутуп, билим алууга, элдин керегине жараган адам кылууну максат кылабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️