Пример HTML-страницы

Классташтары менен жолугуп, тойканадан жаңы эле чыккан киши өмүр менен коштошту. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 25-майда саат 22:00 чамасында Чүй облусунун Москва районунда 30 жылдык жолугушуудан кайткан 47 жаштагы жаран жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы Бишкек—Кара- Балта унаа жолунун боюна жакын жайгашкан «Көк-Дөбө» кафесинин бет маңдайында катталган.

«Саат 22:00дөн өтүп калган. Райондун борборундагы кафелердин биринен 30 жылдык жолугушуудан чыккан жаранды Бишкек тараптан катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа сүзүп, унаа өзү бетон тосмого асылып калды», — деди күбөлөрдүн бири.

Ал эми дагы бири: «Район борборундагы тойканалар Бишкек—Кара-Балта унаа жолуна өтө жакын жайгашкан. Ал жерде унаа токтотуучу жай да жок. Ошондуктан, айдооочулар унааларын жол боюна эле токтотуп, кафелерге кире беришет. Бул өтө кооптуу. Мындай шартта ар түрдүү жол кырсыгы катталышы мүмкүн», — деп нааразы болду.

Райондук ЖКККБ жол кырсыгы катталганын жана тиешелүү иштер жүргүзүлгөнүн кабарлады. Ошондой эле райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору райондо соттук-медициналык экспертиза жок болгондуктан, жансыз денени Сокулук районуна алып кетишкенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE