Классташтары күндө мектепке жеткирип турган Акмарал жогорку окуу жайды аяктады

Акыркы жанылыктар

Turmush«Тагдыр» рубрикасынын кезектеи каарманы — Чүй облусунун Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну Жунусбек кызы Акмарал. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 2001-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылында жарыкка келгем. Мектепти жалаң «5» деген баалар менен аяктаган соң, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырдым. Жогорку окуу жайды да ийгиликтүү бүтүрүп, өз кесибим менен иштөө максатында өлкөбүздөгү ар кайсы банктарга резюме таштап койгом. Бирок эмнегедир эч кимден жооп болбой жатат. Бош отурбайын деп, швеяга тигүүчү болуп кирип алгам.

Мен 3 жашыма чейин кадимкидей эле басып ойноп жүргөм. Кийин кальцийдин жетишпегенине байланыштуу акырын эле жыгылып кетсем буттарым сына берчү. Дарыгерлер 16-17 жашыңда сөөк катып калат, операция жасайбыз дешип, жетилбеген остеогенез (несовершенный остеогенез) деген диагноз коюшту. Ошентип, 6 жашымда майып арабада отурууга туура келди. Үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз, 2 уул жана 5 кыз.

Ата-энеме ыраазымын, эч нерседен кем кылбастан карап, бардык күчүн жумшашты. Бирок Кудайдын берген тагдыры ушундай экен, бүгүнкү күнгө чейин майып арабада отурам. Антсе да бул нерсе мени алдыга койгон ой-максаттарыма жеттүүгө эч кандай тоскоол боло албайт. Бул жалган жашоодо ар кандай сыноолор келерин эстен чыгарбай, ар бир нерсеге шүгүрчүлүк менен жашасак оңой болот деп ишенем. Ата-энем жана ошондой эле 2023-жылдан бери Жаш майыптар коомунан жардам алам. Ушундай акабылымды кабыл алып, өз максаттарыма акырындан болсо да кадам таштап келе жатам. Бош убакыт чынында менде аз болот. Ошол учурда кино көрөм, китеп окуу менен убакыт өткөрөм, өзүмдүү өстүрүү менен алекмин», — деди ал.

Turmush басылмасы 2019-жылы апрель айында Жунусбек кызы Акмаралды классташтары күндө мектепке алып барып, кайра үйүнө жеткирип турушарын жазган. Анда Акмарал Калинин айылынын Т.Адыранов атындагы орто мектепте 10-класста билим алып жаткан.

Пример HTML-страницы

«Мен үчүн кышкысын мектепке баруу кыйын. Мага көбүнчө классташтарым жардам берет. Алар мени майып араба менен алып барып, кайра үйүмө алып келип турушат. Көбүнчө классташ кыздарым, алар бошобой калганда классташ балдар үйүмө жеткирип коюшат. Баарына ыраазычылык айткым келет, ар дайым мени колдоп турушат. Бир дагы жолу басынтып, бөлүшкөн эмес. Классташтарым менен жүргөн ар бир күн мен үчүн кызыктуу. Алар менен жүргөндө ооруп жатканымды унутуп калам», — деген ал.

Классташтарын мактаган Акмарал сөзүн андан ары мындайча улаган.

«Эсимде калганы, «American Song Contest» деген сынакка ырдап катышканда бардыгы аябай колдоо көрсөтүшкөн. Англис тил мугалими мени сынакка сунуштаган. Биздин мектепте биринчи тур өтүп, 5 окуучу катышкан. Мен биринчиликти алгам, андан кийин Ат-Башыда өткөрүлгөн. Ал жерге барып ырдап, кийинки турга өтүп, жыйынтыгында байгелүү орунга ээ болгом. Мугалимдер мени жакшы көрүшөт. Анткени алар мага «жакшы окуу, окууну таштаба, чоң окуу жайга өтүп ал. Окуп алсаң жашооңо кереги тиет» деп айтып турушат. Учурда жалаң “5” деген баага окуйм.

Бош убактымда китептерди окуп, ырдайм. Келечекте басып кетсем, эч кимге көз каранды болбосом дейм. Анан да чоң окуу жайды бүтүп, жактоочу болсом, көп тил үйрөнүп алсам деген максаттарым бар», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️