Пример HTML-страницы

Киви, кулпунай жана ананас даамданган фейхоа Чүй жергесинде өстүрүлүүдө

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй районунун Новопокровка айылынын тургуну Александр Малышев өз жеринде Кыргызстан үчүн сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүп, жакшы түшүм алууда.

Малышев Александр Иванович 1957-жылы туулган, мурун аскер кызматчы болуп эмгектенген. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин үй-бүлөсүн багуу жана өзүн башка жаатта өнүктүрүү үчүн издене баштаган. Ал өзүн эколог, багбан, өсүмдүк өстүрүүчү катары тааныган. Багбанчылык тармагындагы ишмердүүлүгүнүн туу чокусу катары Кыргызстан үчүн фейхоа, унаби жана фундук сыяктуу өсүмдүктөрдүн жеринде пайда болушу деп эсептейт.

Каарманыбыз фейхоа кандай өсүмдүк экенин жана аны кантип өстүрүү керектигин айтып берди.

«Фейхоаны биринчи жолу 45 жыл мурун апам Кавказдан алып келгенде жеп көргөм. Ажайып жытына таң калдым. Фейхоанын бышкан жемиштерин сатып алуу мүмкүн эмес экенин белгилегим келет. Ошондуктан, фейхоанын бардык даамдары жөнүндө туура түшүнүк алуу мүмкүн эмес. Бул бышкан помидордун даамын жашылынын даамын татуу менен баалагандай. Бир даракта да эки башка фейхоанын жемиштери ар кандай даамга ээ болот», — дейт Александр Малышев.

Анын айтымында, фейхоа мирта тукумундагы жашыл өсүмдүктөргө кирген баалуу мөмө-жемиш. Бул өсүмдүк өзүнүн ачуучусу, португалиялык табият таануучу Жоана да Силва Фейхонун урматына “фейхоа” деген аталышты алган. Бул өсүмдүк тропикалык жана субтропиктик климатта өсөт. СССРде фейхоаны салттуу түрдө Кара деңиздин жээгинде жана Закавказьеде өстүрүшкөн.

Бул өсүмдүк бадал же кичинекей дарак түрүндө өсөт, бийиктиги 4 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жалбырактары кочкул жашыл, сүйрү жана катуу, гүлдөрү ак, кызгылт гүлдүн ортосуна жакыныраак. Мөмөлөрү чоң, эттүү, түсү кочкул жашыл, узун же тегерек формада, көлөмү 4 сантиметрге чейин болот.

Фейхоанын даамы менен жытын киви, кулпунай жана ананастын аралашмасы деп айтууга болот. Салттуу түрдө мөмө катары желет, муну менен катар кыямдарды жана консерваларды, компотторду жана коктейлдерди жасоо мүмкүн. Кондитердик азыктарда начинка катары жана кремдерди жасоо үчүн кеңири колдонулат. Мөмөлөрдү даамдуу тамактарды даярдоо үчүн да колдонсо болот.

Фейхоа эт менен соус катары жакшы айкалышат, кычкылдуулугу мөмө-жемиш жана жашылча салаттары үчүн жасалга катары кызмат кылат. Жемиштер туздуу эритмеде маринаддалган болсо, абдан кызыктуу даамга ээ болот.

Фейхоа абдан пайдалуу жемиш болуп эсептелет, ал медицинада жана косметологияда кеңири колдонулат. Жогорку йоддун мазмуну мөмөлөрдү калкан безинин ооруларын алдын алуу үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бронхитке, курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана сасык тумоого, ошондой эле муундардын сезгенишине жардам берет. Бирок фейхоаны көп жегенге болбойт, күнүнө 2-3 жемиштен ашык эмес.

«Фейхоаны 10 жылдан бери издеп келем. Мага өсүмдүктүн көчөттөрүн же уруктарын алып келүүнү эч ким каалаган эмес, бир гана досум Абхазиядан эки тамыр алып келген. Бир жыл бою аларды кичинекей балдардай багуу абдан кыйын болду. Бүгүнкү күндө да, фейхоага кам көрүү абдан түйшүктүү иш болуп саналат.

Менде алардын баары кумурага өстүрүлүп жатат. Элестеткиле, жазкысын 100дөн ашык идиштерди күнгө алып чыгуу керек. Муздак шамал соккондо, тез арада өсүмдүктөрдү баш калкалоочу жайга алып киришибиз кажет. Фейхоалар сууну абдан жакшы көрүшөт, эгер аларды өз убагында сугарбаса, соолуп калат. Апрель, май, июнь айларында гүлдөйт, өсүмдүктүн жалбырактары да жесе болот.

Негизинен кооптонуулар көп, бирок натыйжада 4 килограммдан 8 килограммга чейин абдан даамдуу жана пайдалуу жемиштерди алам. Жемиштер октябрь айында бышат, жубайым экөөбүз “Даам фестивалын” өткөрөбүз. Фейхоанын жемиштеринен ырахаттанып, дос-тааныштарыбызга ооз тийгизебиз. Фейхоа жемиштерин муздаткычта февраль айына чейин коопсуз сактоого болот», — дейт Александр Малышев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE