Пример HTML-страницы

Кийизден алма бак жасаган Анара Давлетбакова «Жыл мугалими» сынагынын республикалык туруна жолдомо алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новый айылындагы Гүлсина Капарова орто мектебинин мугалими Анара Давлетбакова «Жыл мугалими-2024» сынагынын облустук этабында 1-орунду алып, республикалык сынакка жолдомо алды. Мугалим менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Давлетбакова Анара Нурдиновна 1977-жылы 19-январда Токтогул районуна караштуу Торкент айылында туулган.

«Атам Нурдин Шарапов тилекке каршы 50 жашында каза болуп калган. Апам Базарбү Бекмурзаева мектепте иштеп жүрдү, азыр пенсияда. Жети бир тууганбыз, алты кыз, бир уул. Бардыгы билимдүү, ар кесиптин ээлери. Бир туугандарымдын ичинен үчөөбүз мугалим болуп иштейбиз.

Жолдошум Давлетбаков Таалайбек Темирбекович Чүй облусунан болот. Экөөбүз бир кыз, төрт уулду тарбиялап өстүрүп келебиз. Үч балам жогорку окуу жайды окуп бүтүп, иштеп жүрүшөт. Эки балам мектепте окуйт. Алды үйлөнүп, турмушка чыгып, очор-бачар болуп калышты.

Жолдошум менен 1995-жылы студент болуп жүргөн кезде таанышкам. Үйдүн кичүү келинимин. Кайнатам, кайненем абдан жакшы адамдар. Мени колдоп, балдарымды багып беришти. Жолдошум дагы колдоп, көп жардам берет. Келечекте окуучулар менен көп ийгиликтерди жаратсак дейм. Өзүбүздүн улуттук наркыбызды, каада-салтыбызды, кол өнөрчүлүктү дүйнө жүзүнө таанытуу максатым бар», — деди ал.

Каарманыбыз Бишкек архитектуралык-курулуш колледжин техник-технолог кесиби боюнча аяктаган.

«Мектепте жалпы 22 жылга жакын иштеп келе жатам. Көркөм өнөр жана технология сабагынан мугалим болуп эмгектенем. Мугалимдик кесип абдан жагат, балдар менен иштешүү кызыктуу. Көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Бир топ сертификат, сыйлыктарым бар. «Жыл мугалими-2024» сынагынын райондук жана облустук этаптарында 1-орунду багындырдым. Эми республикалык сынакка жолдомо алдым. Сынакта кол өнөрчүлүгүм менен айырмаланыдым деп ойлойм. Анда кийизден алма бак жасап, шөкөттөдүм. Бактын ар бир деталы, жалбырагы, алмасы баары кийизден. Аны бир ай бою жасадык. Жолдошум да жардам берди. Калыстар тобуна жана мугалимдерге абдан жакты», — деди ал.

Анара Давлетбакованын айтымында, окуучулары ар кыл кесиптин ээси болушту. Алды Украина, Россия, Казакстанга чейин барып, сынактарга активдүү катышып, дипломдор менен сыйланып жүрүшөт.

«Сабактан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенип, кийиз жасап, түймө түйүп, сайма саям. Гүл өстүрүү дагы абдан жагат», — деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE