Кезинде жетекчилик кызматтарда иштеген К.Карабаев орок менен эгин оргон заманды эскерди

TurmushАт-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну Канатбек Карабаев учурда 5 маал намазын окуп, балдарынын төрүндө байбичечи менен бактылуу карылыкты өткөрүп жатат. Ал аймактык кабарчыга мурунку жашоону сөз кылды.

Канатбек Карабаев союз убагында жетекчилик кызматтарда иштеп, айылдык жана райондук кеңештердин бир нече жолку депутаты болуп шайланган. 2005-жылдан бери Ат-Башы райондук коомдук фондусунун төрагасы болуп иштеп келе жатат. 2 уул, 5 кыздын атасы. 1941-жылы туулган.

«Биз союз учурунда жашадык. Совет өкмөтү жоюлгандан кийин 1991-жылдары мамлекетибиз аябай жакырчылыкка учурап калды. Эл бири-биринен сурап ичип, сурап кийинип калды. Бирөөнүн эскисин кийдик, бирөөнүн түбүн ичтик. Бирде тойсок, бирде тойбой жүрдүк. Ошол турмушту көрдүм. Азыр элибиз кымбатчылык, жумушсуздук деп, ушул эки маселени көтөрөт. Бардык бүтпөгөн ишти ушуга шылтайт.

Азыр унду ак, кара деп тандап жеп жатышат. Ал кезде колубузга тийгенин жечүбүз. Анда комбайн деген жок эле. Эгинди кол менен сээп, соко менен айдап, тал менен чычырканакты сүйрөтүп чапчубуз. Анан эгинди орок менен орчубуз. Орок менен кеч орулчу. Эгиндин баштары жерге түшүп калчу. Ал кезде 1-2-3-класстын окуучулары болчубуз. Бизди алып барып ошол түшүп калган эгиндин баштарын тердиртчү. Топубузга, этегибизге салып келип, кырманга өткөрүп берчүбүз. Түштөнүүгө бадырак берер эле. Бүгүн буудайдын бадырагы экен деп сүйүнчүбүз. Болбосо арпа бадырак эле. Арпаны кууруйт дагы сокого салып жанчыганда, кабыктары кетип калат. Ошону жечүбүз.

Ошону көргөн ата-баба бүгүнкү жашоону куруп берди. Бүгүн кымбатчылык, жумушсуздук деп жатышат. Эң башкысы элдин пейилин оңдоо керек. Кудай: «Адамдын пейилине жараша акыбал берем деп койгон», — деди ал.

Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.

Пример HTML-страницы

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️