Пример HTML-страницы

КЕРЕГЕМ САГА АЙТАМ КЫРГЫЗЫМ СЕН УК

https://kyrgyzcha.site/?p=58254&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЕРЕГЕМ САГА АЙТАМ КЫРГЫЗЫМ СЕН УК

 

Соӊку мезгилдерде эл арасында, начар окуган балдар кийин чоӊойгондо ийгиликтүү адам болушат деген түшүнүк орун алган. Чындыгында эле андай учурлар көп кездешет. Буга кошул — ташыл болуп массалык маалымат каражаттары, өзгөчө интернет айдыӊы, айрым атактуу инсандардын өмүр баянына токтолуп, алар мектепте окуп жүргөн убагында начар окушкандыгын мисал келтиришет. Атап айтканда Томас Эдисон, Пьер Кюри, Виссарион Белинский, Жорж Байрон, Эдгар По, Николай Гоголь, Николай Лобачевский, Чарльз Дарвин, Оноре де Бальзак, Вальтер Скотт, Роберт Бёрнс, Александр Герцен, Наполеон Бонапарт, Отто фон Бисмарк, Уинстон Черчиль, Альбер Эйнштейн, Дмитрий Менделеев жана башка белгилүү адамдар ооздон түшпөй айтылып келишүүдө. Ооба, алар мектепте начар окушкан, бирок аталган адамдар тубаса таланттар, генийлер. Бул адамдар жөн эле ийгиликке жетишкен эмес, алардын артында ата — энелеринин, мугалимдеринин таалыкпас эмгектери жатат. Балким биздин деле жаман окуган балдарыбыздан белгилүү инсандар чыгышы мүмкүн эле, бирок андай болбойт. Анткени ата — энелер балдары менен иштебейт, мугалимдерге болсо мүмкүнчүлүк берилген эмес, мугалим пайда батасы жок кагаздар менен, отчёттор менен алек болуп калган.

 

Начар окугандар, мугалимден тил укпаш үчүн аргасыздан коммуникабелдүү болушат. Алар үй тапшырмасын ар кандай жол менен жакшы окугандардан көчүрүп алышат. Көчүрүп алуу соодалашуу, уурдап алуу, алдап алуу, коркутуп алуу жолдору менен коштолот. Керек болсо мугалимди дагы алдаганга аракет кылышат. Мисалы «сиздин эле сабактан үч болуп калды, оӊдоп бериӊизчи» деп келет окуучу, анан карап турсаӊ ал башка мугалимге барып, сиздики эле үч болуп калды, оӊдоп бериӊизчи деп жүргөнүн байкайсыӊ, «беш коюп бериӊизчи, кийинки чейректе жакшы окуйм» дешет, бул учурда алар кадимки эле кайырчылардан айырмасы жок. Мындай балдар чыны менен коммуникабелдүү келип, коомдо оӊой олтоӊ башка адамдар менен тил табыша алышат. Натыйжада өз турмуш жолдорунда ийгиликтүү келишип, ар кандай деӊгээлдеги мансаптарга жетишет, дөөлөт күтүшөт. Айта кетчү нерсе, мындай көрүнүштөргө соо эмес, оорулуу коомдордо шарт түзүлөт. Тилекке каршы, ушундай жагдайга биздин Кыргызстанда да жол берилген. Кесепети, отуз жыл ичинде алдыга кадам таштап, өнүгө албай койдук. Себеби мансапка көп учурларда «коммуникабелдүү» адамдар жетип алышкан. Биз ушундай «коммуникабелдүү» кадрларга таяна турган болсок, Кыргызстандын келечеги бүдөмүк, тагырак айтканда жок. Булар өз кызыкчылыктары үчүн жер саткандан, эл саткандан, тарыхын саткандан, дилин саткандан, динин саткандан  кайра тартышпайт, сөзүнө турушпайт.

 

Эми, жакшы окуган балдарга токтоло турган болсок, алар өз күчүнө ишенип, намыскөй болушат да жаратман келишет. Дүйнөлүк тарыхка кайрылсак 1867 — жылы Жапонияда бийликке жаш император Муцухито келген. Ал артта калган феодалдык, самурайлык жапон коомун мураска алган. Такка отургандан кийинки 1868 — жылы, император Муцухито «мейдзи» реформаларын баштаган. Мейдзи биздин тилге которгондо «агартуу» дегенди билдирет, реформа жапон коомун ар тараптуу (мамлекеттик, коомдук, агартуу, аскердик ж. б.) камтыган. Жапон элин агартуу максатында, жаштар батыш өлкөлөрүнө билим алууга жөнөтүлгөн, бирок алар окуп үйрөнгөндөрүн милдеттүү түрдө кайтып келишип, өз өлкөсүнүн өнүгүп өсүшүнө салымдарын кошууга милдеттүү болгон. Жыйынтыгы 1889 жылы Жапония дүйнөдөгү алдыӊкы мамлекеттердин катарына кошулган. Алдыга секирик жасаш үчүн, жапон элине болгону жыйырма гана жыл керек болду. Карагылачы, жеринде бир кен байлыгы жок мамлекет, азыркы тапта эмне деген бийиктикке жетишкенин. Жапониянын эӊ чоӊ байлыгы, алардын билимдүү, мээнеткеч жаштары. Биз дагы чыныгы билимдүү жаштар менен гана өнүгө алабыз, эгерде туура тыянак чыгарып, кемчиликтерибизди оӊдой алсак..

 

Бүгүнкү күндө билим берүү, билим алуунун абалы кандай бизде, бул башка кеп. Кыргызда макал бар «билим алуу ийне менен кудук казганга барабар» деген, чыны менен эле ушундай болуш керек эле. Атаганат дегенден башка арга жок. Бизде жогорку билимди тастыктаган документке ээ болуу оӊой, арзан иш болуп калды. Бул өкүнүчтүү. Окуу жайлардын саны бар, сапаты жок. Билим бааланбай эле, кагаз бааланып калган мезгил. Батыштын акчасына кызыгып, ар кандай долбоорлорду киргизүү менен, күчтүү советтик билим берүү системасын талкаладык. Улуттук педагогиканы, менталитетти четке кагып, батыш менен чыгышты туурап кирдик, жыйынтыгы оӊ болгон жок, болбойт дагы. Бекитилген программалар, колдонууга берилген окуу куралдары мамлекеттин, улуттун, замандын талаптарына жооп бербей калган.

 

Көп жылдан бери мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшөт. Жыл сайын алтымыш, жетимиш миӊ бүтүрүүчү тест тапшырат. Кейиштүүсү алардын ичинен саналуусу гана (жүзгө жетпейт) эки жүз баллдан жогору балл топтойт. Мен эки жүз баллды беш деген баага теӊейм. Ошондо беш алгандар жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 0,2 % на  дагы жетпей атпайбы.

 

Ар бир ата — эне өз баласын илимдүү, билимдүү болушун каалайт, өзү жетпеген бийиктикке жетсе экен деп тилейт. Ал үчүн колдон келген күчүн, мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Ушул жерден мен бир суроо бергим келет. Эмне үчүн ата — энелер балдарына башталгыч классты бүткүчө эле жардам беришет да, кийин өзүӊ оку, бошобой атам деп качып кутулуп кетишет? Мунун жообу бир гана, ата — эне андан ары жардам бере албайт, себеби билбейт. Белгилей кетчү нерсе, ата — энелер мунун баарын өздөрү окушкан, керек болсо жогорку билимдүү да болушкан.  Бирок билбейт. Ушундан улам ой пайда болот, биз он — он бир жыл мектепте окуп аттестат алып, кийин беш — алты жыл окуп жогорку билимдин дипломун алып, араӊ дегенде башталгыч класстын деӊгээлиндеги билимге ээ болот экенбиз да. Эгерде биз жок дегенде тогузунчу, онунчу класстын билимин толук өздөштүргөндө, Кыргызстаныбыз гүлдөгөн, башка элдер суктанган мамлекетке эбак эле айланмакпыз.

 

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери эле балдардын укугу көтөрүлүп келет. Кызыгы советтик доордо балдардын укугу деген маселе жок эле, анткен менен укутары ар тараптуу мамлекет тарабынан корголуп турган. Мисалы бир жашка чейин берилүүчү бекер сүттөр, биолактар, он сегиз жашка чейин төлөнүп турчу жөлөк акча (пособиялар), бекер медицина, бекер билим алуу, пионерлагерлери жана башкалар. Азыр болсо балдардын укугу деп кыйкырганыбыз менен, чындыгында тескерисинче балдардын укуктары тебеленип жатат. Бул маселе боюнча көбүрөөк токтоло кетейин. Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн баштап мугалимдерге талаптар коюла баштады, балдарды эркин койгула, ээн эркин чоӊоюшсун деп. Акыры балдар ээн баш болуп калышты, эреже эмне, тартип эмне, милдет деген эмне экенин билбей калышты. Бала каалаганын жасап калды. А бирок тартип жок болсо кайдагы билим, мугалим он эсе профессор болсо дагы билими жукпайт тартипсиз балага. Менин укугум бар деп эле ээн баш чоӊойгон бала, кийин элине, мекенине кызмат кылып бере алабы? Албетте жок. Кылбайт дагы, ишенип берилген постту, чек араны таштап басып кете берет. Кырсыктап же кыйналып турган адамга жардам бермек тургай, кайдыгер болуп өтүп кете беришет. Жада калса өзүн тапкан ата – энесин таштап же карылар үйүнө өткөрүп, укугум бар деп кете беришет.

 

Баланын психикасы бузулат, эки койбогула деп талап коюлуп келүүдө, мугалимдер эки койбой калышты, эгер койсо сен жакшы окуткан эмессин, ошон үчүн бала эки алып жатат деп, кайра мугалимди ур токмокко алышат текшерүүчүлөр жана жалпы коомчулук. Окуучулар болсо такыр эле окубай калышты, эмне кылсаӊ ошо кыл, баары бир үч койосуӊ деп. Ошентип окубай эле алган үчү менен класстан класска жогору көтөрүлүп жүрө берет. Ата – энелер болсо балдарын мектепке, малды бадага кошкондой эле жөнөтүшөт. Өздөрү балага тарбия берүүдөн такыр эле четтеп кетишкен. Анан эле ээн баш өсүп жаткан баласы бир балээге кабылса мектепти күнөөлөп киришет. Жада калса койнунда жатып, төшөккө сийип салса дагы мугалим күнөөлүү. Анан, ата – эне баласына тарбия бербесе, мектеп кайдан толук кандуу билим бере алат. Мугалим сабак өтпөй эле, жалаӊ тартипке чакыруу менен алек болуп калат. Дагы бир токтоло кетчү нерсе мугалим урушмак тургай, катуурак сүйлөй албай калды, балдар сөз көтөрө алышпайт.

 

Кайсы бир семинарлардын биринде, жогору жактан келген лектор айым катышуучу мугалимдерге суроо салды эле. Коомдо болуп жаткан көйгөйлөргө ким күнөөлүү? — деп. Жооптор ар кандай болду, а бирок ошол аял күнөөнүн баарын кебелбей мугалимдерге оодарып салды. Анын айтымында окуучунун ата — энеси Россияда эмгектенип жүрсө мугалим күнөөлүү экен, себеби балаӊды таштаба деп түшүндүргөн эмес. Окуучунун үйүндө окуганга шарт түзүлбөсө мугалим күнөөлүү, курсагы тойбосо мугалим күнөөлүү, атасы же энеси арак ичип жүрсө мугалим күнөөлүү, ата — энеси ажырашып жатса дагы мугалим күнөөлүү ж. д. у. с. Кыскасы бул дүйнөдөгү болуп жаткан жат нерсенин баарына мугалим күнөөлүү экен анын айтымында.

 

Батыштын жалган баалулуктарын, бей өкмөт уюмдар мектептерге таӊуулап келүүдө, бийлик болсо батыштын таасиринен чыга албай келет. Чындыгында биз алардын айтканын кылабыз деп, балдардын чыныгы укуктарын тебелеп, тепсеп, алардын, улуттун, мамлекеттин келечегине балта чаап жатабыз. Биз балдарыбыздын чыныгы адам болуу, накта билимдүү болуу, чыйрак болуу, кыргыз болуу, эрктүү болуу, намыстуу болуу, күчтүү болуу, эркек балдардын эркектей болуп, кыздарыбыздын кыздай болуп чоӊойуу, эне болуу укуктарын тебелеп жатабыз. Тескерисинче биздин коом чын тийбес, жалакай, эки жүздүү маӊкурттарды өстүрүп жатабызбы деген ой кетет. Айтайын дегеним батышка билимдүү кыргыз элинин кереги жок, күчтүү кыргыз мамлекетинин кереги жок. Аларга таза эле акыл — эси жок маӊкурттар керек.

 

Акыркы мезгилде мугалим менен окуучулардын ортосундагы көйгөйлөр күч алып, маселе тереӊдеп жайылып барат. Бул өкүнүчтүү. А бирок мындан дагы өкүнүчтүүсү, эртеӊ ушул эле балдар мугалимге жасаганын, өз ата — энелерине жасашат. Белгилей кетчү дагы бир жагдай, турмушка бала кезинен бышпаган, чыйрак эмес, сөз көтөрө албаган, жалакай балдар суидцидке жакын болушат. Ойлонуп көргүлө, диплому бар бирок билими жок атуулдары менен Кыргызстандын келечеги барбы? Ээн баш чоӊойгон балдар өлкөдө тартипти сактап, кармай алабы? Жалакай, чын тийбес, эки жүздүү адамдар өлкөнүн коопсуздугун, бейкуттугун коргой алабы? Эркеги эркектей, кыздары кыздай тарбия албаса улуттун тукуму уланабы?

 

Эми билим берүү системасында дагы башка көйгөйлөр бар. Алардын бирин коррупция деп эсептейм. Сураштырып келсеӊ эле бары ак, таза иштешет. Эч ким моюнга албайт. А бирок коррупция Кыргызстан боюнча тамыр жайып, бутак жайып, өтө тереӊдеп кеткени жалпы журтка маалым. Кароо – сынактар, олимпиадалар калыс жүрүп жатат деп эч ким кепил болуп бере албайт. Муну жөн эле салыштырып көрсө болот. Мисалы жалпы тестирлөөдөн эки жүз балл топтогондордун саны саналуу болсо, артыкчылык күбөлүк алгандардын, «Алтын тамга» алгандардын саны кыйла көп. Себеби эмнеде? Балким райондук билим берүү бөлүмдөрүндө өмүрүндө сабак берип көрбөгөн адамдар, жыйырма — отуз жылды мында кой, кырк — элүү жыл бою кетпес, жылбас кан болуп отургандыгында болуп жүрбөсүн. Дагы бир мисал мугалимдерди сыйлоо маалында байкалат, алсак «Билим берүүнүн мыктысы» деген наамды кимдер гана албады: айыл өкмөт башчылары, мектептин директорунун чарба иштери боюнча орун басарлары ж. б. Бирок таза иштеген мугалимдер көмүскөдө унутулуп кала берет. Анан кичинесинен коррупцияны өз көздөрү менен көрүп, чоӊоюп келе жаткан балдардан эмнени күтүүгө болот. Бир кездерде интернетке видео таркады эле. Тойлордун биринде алып баруучу тамада, бир кичинекей баладан чоӊойгондо ким болосуӊ деген суроо узатса, ал бала тартынбай президент деп жооп берди. Президент болуп калсаӊ эмнелерди жасайсыӊ десе, акчаларды топтоп алып качып кетем деп жооп кайтарды. Тойдо отурган кайран кыргыздар кыраан каткырык эле болуп калышты. Бул жерде күлүш эмес, ыйлаш керек.

 

Азыр жылдын жыйынтыгын чыгарчу маал. Жыл сайын ушул маалда мугалимдер тойбойт, уяттары жок деген сөздөр көп айтылат, бийлик болсо тыйуу салган буйруктарын чыгарып эле келет. Силерди тамак бер деп эч ким деле кыйнабаса керек. Балким айрым мугалимдер айтса аткарбай эле койгула, эч ким, эч нерсе дебейт. А бирок урматтуу ата – энелер, эгер жакындарыӊардын бири катуу ооруп калса, врачка ишиӊер түшүп калса, айланайын эптеп аман алып калакөр деп сураганын бересиӊер. Балаӊар тентек кылып иши милицияга, прокуратурага, сотко түшүп калса, куткарып калыш үчүн эмнени гана кылбайсыӊар. Ооба болгон малыӊарды, байлыгыӊарды чачасыӊар, керек болсо кийип жүргөн кийимиӊерди сатканга чейин барасыӊар.

 

Деги эле мугалимдер эл душманына айланып калгандай. Мугалимдин кадыр баркы жок. Илгеркидей агай, эжейлерди сыйлоо, ыйбаа кылуу деген жок. Керек болсо жөөлөп, түртүп кетишет. Ошол эле учурда билими жок болсо да, бирок сакалды өстүрүп алган адамдарга таксыр деп кайрылып жаткандарына жол болсун.

 

Азырынча айтайын дегеним ушул, балким дагы улап жазармын.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE