Пример HTML-страницы

Кербен шаарындагы аэропортту ачууга даярдап жатышат. Видео

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы аэропорт толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган аба майдандын жетекчиси Мамбеталы Исманалиев билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү ички авиа каттамдар жанданат. Кербен аэпорту 2007-жылдан бери иштебей турган. Ишмердүүлүгүнүн токтоосуна аэровокзалдын, учуп-конуу тилкесинин эскилиги жеткени себеп болгон. 2019-жылы оңдоп-түзөө жумуштары башталып, узундугу 1740 метр, кеңдиги 35 метр болгон учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, аэровокзал жаңыланды.

Учурда ички каттамдарды жандантуу пландалууда. Ачылыш аземин 2024-жылдын 7-июнунда өткөрүү пландалууда.

Айрым маалыматтар боюнча, Тогуз-Торо районундагы «Казарман» аэропортунун да ачылыш аземи өтөт. Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

«Кербен» аэропортунун жалпы аянты 51,69 гектарды түзөт. Аэробекетти оңдоо үчүн 11 млн 632 миң 221 сом жумшалса, аэропорттун учуу-конуу тилкесин реконструкциялоого 9 млн 518 миң 144 сом сарпталды.

«Кербен» аэропортунун курулушу 1976-жылы башталып, 1980-жылы алгачкы каттам ишке кирген. Аэропорт буга чейин Аксы, Чаткал, Ала-Бука райондорунун жана Таш-Көмүр шаарынын калкын тейлеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE