Пример HTML-страницы

Кемпир-Абаддан суу кое берилип, Кара-Дарыянын көлөмү көбөйүп, Сузактагы үйлөр, эгин талааларга кооптуулук жаралууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында Кара-Дарыя дарыясынын жээги бекемделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кемпир-Абад суу сактагычынан суу кое берилгендигине байланыштуу Кара-Дарыя дарыясында агып жаткан суунун көлөмү көбөйүп, Көк-Арт жана Чаңгет-Сай сууларын кошкондо, жалпы суунун көлөмү секундасын 330-340 метр кубга чейин жетип жатат. Андан улам Арал айылындагы суунун нугун бурган убактылуу тосулган суу тосмолорду жарып, Бостон, Питомник, Аэропорт жана Кундузчу тилкелериндеги жаңыдан өздөштүрүлгөн 110 гектар күрүч жана эгин аянттарын, анын ичинде 10 гектар эгилген күрүч аянтты суу алып, 250 гектар күрүч эгилүүчү жерге, 200гө жакын үйлөргө кооптуулук жаралган.

Ал жерге ӨКМден 5 экскаватор, 9 самосвал, 1 жүктөгүч, суу чарба башкармалыгынан 1 самосвал, айыл аймактан 2 жүктөгүч, 2 самосвал, №22 Жол тейлөө ишканасынан 1 самосвал тартылып, жалпы 21 техника иштеп жатат. Кечээ, 29-май күнү тартылган техникалардын жардамында Кара-Дарыя айыл аймагында чоң таштар ташылып, 240 метр дамба бекемделди. 30-май күнү жумуш улантылат.

Өлкө аймагында акыркы күндөрдөгү нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлгөн.

————————————————————————

Буга чейин 21-майда жергилктүү тургундар Сузак районунда Кара-Дарыя дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 100 гектардан ашык айдоо аянтын суу каптаганын билдиришкен.

Алардын айтымында, суунун деңээли 2024-жылдын 17-майынан тарта көтөрүлө баштаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча, суунун деңгээли секундасына 340 метр кубга чейин жеткенин маалымдаган.

Ал эми Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Караев жаңы өздөштүрүлгөн 100 гектардан ашуун аянтты суу каптаганын билдирген.

«17-майдан бери Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп жатат. Акыркы жылдары жергиликтүү дыйкандар сайдын жээгиндеги жерлерди өздөштүрүп, ал жакка шалы эгип жатышкан. 19-май күнү суу дагы көтөрүлүп, жаңы өздөштүрүлгөн 100 гектарга жакын айдоо аянтын жууп кетти. Анын ичинен 15 гектардан ашык аянтка айылдык дыйкандар шалы эккен экен. Азыр алар эмне кыларын билбей турушат», — деген болчу айыл өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE