Кеминдин Боролдой айылындагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылдашына үй салып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Боролдой айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөгө турак жай салып беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Үйдү тапшыруу аземине Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Кутпидин Шакировдун катышты.

«Боролдой орто мектебин 2004-жылы 30 окуучу аяктаганбыз. Мааракеге 20 классташ келдик, калганы чет өлкөдө эмгектенишет. Аталган үй-бүлөнүн эски үйүнүн жанына чакан жаңы турак жай салып бердик. Чатырын жабууга жеке ишкер агабыз жардам берди», — дешти 20 жылдык бүтүрүүчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️