Кеминди таштандынын түтүнү каптап, тургундар дем ала албай жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин шаарында белгисиз адамдар таштанды төгүүчү жайды өрттөп кетип жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, түтүн аймакка жайылып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратууда.

«Жергиликтүү тургундар дем ала албай жатышат. Таштандыны азайтуу үчүн түнкүсүн жана кечке маал кимдир бирөө атайын өрттөп жатат. Таштанды төгүүчү жай маселесин чечип берүүнү суранабыз», — дешти шаар тургундары.

———————————————————————————

Буга чейин Turmush Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун иш сапары алкагында Кемин шаардык кеңешинин депутаты Наталья Дубинина Кемин шаарынын тургундары бул таштандыдан улам үйүнүн терезелерин ача албай жатканын билдирген.

Пример HTML-страницы

«Мага кайрылган жарандардын көйгөйүн айта кетейин. Бул көйгөйдү жергиликтүү бийлик чече албайт. Муну облус башчысы аркылуу чечүү керек. Биздин шаардык таштанды жайыбыз тоо тарапта жайгашкан. Ал толуп бүттү. Ошол жерден дайым жагымсыз жыт жана түтүн келип турат. Жергиликтүү тургундар дем ала албай, ууланып жатышат. Терезени ача албай калдык.

Мен облустун жетекчиси Канат Жумагазиевден суранып кетет элем. Бизге таштанды жайга жер керек. Ошол таштанды жайдан алыс эмес жерде жеке менчик нефти база жайгашкан. Ал жактан истүү (угарный) газ келип жатат. Мен депутат катары барсам, ичине киргизбей коюшту», — деген ал.

Чүй облусунун Кемин шаарында эки таштанды төгүүчү жай көп жылдан бери иретке келтирилбей келет.

Таштанды жайлардын бири Перевалька аймагында, кургак учук ооруканасынын жанында жайгашкан. Ал жерде урналар бар, бирок алардан таштандылар убагында чыгарылбагандыктан, анын аймагы таштандыга толгон. Тактап айтканда, желим баштыктар ар тарапта чачылып жатат. Кошумчалай кетсек, жакын жерде ажаткана бар, ал авариялык абалда.

Мындан тышкары, таштанды төгүүчү жайдын жанында чоң көлчүк бар, ага көптөн бери суу агып, таза суу ысырап болууда. Суу түтүктөрүн дагы оңдоо зарылчылыгы бар.

Ошондой эле, Кемин шаарында Подстанциянын аймагында чоң тосмо менен курчалган таштанды таштоочу жай бар. Бирок тосмонун бир бөлүгү сынып калган. Анын айынан целлофан баштыктар учуп, дарактарга илинип калган. Ошол эле учурда таштанды таштоочу жайга жакын жайгашкан Кемин электротехникалык заводунун (КЭТЗ) айланасына баштыктар жана башка таштандылар толуп калган.

Жергиликтүү тургундар жергиликтүү бийликтин аракетсиздигине нааразы.

Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев.

Буга чейин эколог Александр Сосновский таштанды маселеси боюнча төмөнкүлөрдү айткан:

«Быстровка артындагы жол «таштанды трассасын» кесип өткөн Кыргызстандагы жолдордун бири. Боом капчыгайында да желим баштыктар учуп жатат. Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Балта капчыгайынын боюндагы тоолуу бөлүгүндө абал жакшы эмес. Бүгүнкү күндө биз глобалдык экологиялык көйгөйлөр менен алек болуп жатабыз. Бирок бутубуздун астында эмне бар экенин байкабай жатабыз. Он жылдан кийин анын кесепети тийип калышы мүмкүн. Жол боюна чачылган тонналаган пластик, сынган айнек, турмуш-тиричилик таштандылары өлкөнүн туризм бизнесине, экологиясына чоң зыян келтирет», — деген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️