Пример HTML-страницы

Кеминдеги талаада дөңгөлөктөр өрттөнүп жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айыл аймагына караштуу Самансур айылына жакын жерде дөңгөлөктөр күйүп жатат. Бул тууралуу тургундар билдиришти.

«Белгисиз кишилер кесилип, чогултулган унаанын дөңгөлөктөрүн төгүп, андан кийин өрттөп кетишти. Талаанын баарын кара түтүн каптады», — деди тургундар.

Ал эми жергиликтүү бийлик окуяны тактоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Көп өлчөмдө өрттөнгөн дөңгөлөктөрдү өчүрүү өтө кыйын. Анткени күйүү 1000 градуска чейин жеткен өтө жогорку температурада болот. Дөңгөлөктөрдүн капкагы от жагылган меш сыяктуу болуп, жылуулукту кармап, жалындын күчөшүнө жана жайылышына шарт түзөт.

Колдонулган автоунаа дөңгөлөктөрүнүн өрттөнүшү айлана-чөйрөгө коркунуч келтирет. Анткени анда 1-3-класстагы коркунучтуу заттар пайда болот: бензопирен, бифенил, коргошун, полициклдүү ароматтык углеводороддор, бутадиен, стирол, диоксин, фуран, антрацен, флюорентан, пирен, күкүрт кычкылы, цинк оксиди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE