Кеминдеги мурунку мугалим Аязгүл Чочкеева жумуштан мыйзамсыз бошотулганын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Чүй облусунун Кемин районунун тургундарынын жолугушуусунда мурдагы мугалим Аязгүл Чочкеева сөз сүйлөдү.

Ал Кемин шаарындагы №3 мектепте башталгыч класстын окуучуларына сабак берип, себепсиз жумуштан алынганын билдирди.

«Мурунку аким Алайбек Жумаевдин буйругу менен иштен кеткем. Бул мектепте балдарга курттаган тамактарды берип жатышат. Деги эле ушул сыяктуу мектептеги терс көрүнүштү жоюу аракетинде балдардын келечеги үчүн күрөшкөнмүн.

Мурунку аким Алайбек Жумаев, мурунку билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Якупова жана башкалар кызмат абалынан пайдаланышып, педогогикалык этиканы сактабастан, ошол чогулушка ата-эне, мугалимдерди мага каршы кол койдурушкан. Булардын жазуу түрүндөгу жоопторуна ишенбеңиздер. Эгер кызматтык териштирүү өткөрүп берсеңиз, менин катышуумда уюштуруп бересиздер деп ишенем. Урматтуу Эдил Жолдубаевич мени жеке кабыл алууңузду суранам. Азыр менин ишим облустук сотто каралып жатат», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️