Кеминдеги мугалим Д.Айталиева райондук сынактын жеңүүчүсү болду

TurmushЧүй облусунун Кемин районунда «Жыл мугалими-2022» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 4 мугалим облустук турга жолдомо алууга күч сынашты. Алар өзүн-өзү жактоо, видео сабак, инновациялык сабак, тестирлөө, эссе жазуу сыяктуу тапшырмаларды аткарып, тийиштүү бааларын алышты.

Жыйынтыгында А.Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектебинин адам жана коом сабагынын мугалими Дилназ Айталиева жеңүүчү деп табылып, облустук турга жолдомо алды. Ошондой эле, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын «Билим даңкы» төш белгиси, акчалай сыйлыгы менен сыйланды.

Ал эми 1-орунду Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Танзилия Айтмергенова ээлесе, 2-орунду Шабдан-Ата орто мектебинин англис тили мугалими Таалайкүл Абдрасулова, 3-орунду Коңурбаев атындагы Самансур орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Акбар кызы Мээрим жеӊип алды.

Катышуучулар райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары, профсоюз уюмунун белектери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сыйлыктары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️