Кеминдеги кант кызылчасын кабыл алуу жайда кезек күткөн айдоочулар нааразы болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районундагы кант кызылчасын алуучу жайдагы кезектин көптүгү тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Сырга Масаитова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар 3 күндөн бери кезек күтүп турушат.

«Кант кызылчасын кабыл алуучу жайда айдоочулар нааразычылыктарын билдиришти. Кызылчанын салмагы унаада жүктөлүп турган сайын салмагы азайып, сапаты начарлай баштайт.

Бир унаадагы кызылчадан анализ алынганда жарым саат убакыт кетип жатат. «Былтыр күнүнө 2 жолу ташып келсек, быйыл араң 1 жолу ташып келип, кезекте турабыз» деп жатышат. Бир күнү свет өчүп, бир күнү таразасы иштебей калат экен. Дыйкандардын эмгеги корголобу?» — деди ал.

Ал эми Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Кутпидин Шакировдун айтымында, күнүнө 50-80 машинага чейин кабыл алып жатышат.

«Ар бир биринчи жана ар бир бешинчи машинаны булар лабороторияга алып, анализ жүргүзөт. Болжол менен 10-15 пайызы бул кир. Кечээки күнү 81 жүк ташуучу унаа кириптир жана 1300 тоннадан ашык кант кызылча кабыл алынган.

Пример HTML-страницы

Эч кандай жасалма кезек жок. Мен эртең менен, түшкү тамакка кетип баратып, карап өткөнгө аракет кылам. Күнүнө 30-40 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Мурдагыдай жолго чейин чубалган кезек күтүү жок. Биз кабыл алуу жайынын жетекчисине кабыл алууну кечиктирбей өз тартиби менен кабыл алгыла деген тапшырма бергенбиз», — деди ал.

Быйыл Кемин району боюнча кант кызылчасы 850 гектар жерге айдалган. Бүгүнкү күнгө 500 тонна кант кызылчасы кабыл алынды.

——————————————————————————-

2020-жылы Чүй облусунун Кемин району боюнча кант кызылчасы 658 гектар жерге өстүрүлгөн.

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Мурсадаировдун айтымында, 1-октябрдан баштап кант кызылчасын кабыл алуу пункту ишке кирген.

«2020-жылдын 19-октябрына карата 390 га жерден кант кызылчасы жыйналды. Түшүмдүүлүк гектарына 37,1 тоннадан айланууда», — деген.

Мурсадаиров Кемин районунда быйыл кант кызылчасы эмне себептен аз болгонун дагы түшүндүрдү.

«Былтыркы жылы биздин аймакта 1305 гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Быйыл ар кандай себептер менен эки эсе азайды. Биринчиден, былтыр кант кызылчасын кабыл алган пункттар, заводдор 60 пайыз кумшекер, 40 пайыз акча беребиз деген келишимди өзгөртүп, 28 пайыз гана акча берип, калганын кумшекер катары беребиз деп коюшкан. Эл нааразы болушкан. Экинчиден, быйыл үрөн дагы 1000 сомго кымбаттап кетти. Мурдагы биздеги үрөндөр айдалбай калган. Алар гектарына 35 тоннадан жогору көбөйбөй койду. Кийин Италия, Германия, Франциядан келген үрөндөргө өтүп, алардын түшүмдүүлүгү мол экенин билдик. Бул урук болсо гектарына 50 тоннадан кем бербейт экен. Ушул сырттан келген үрөн кымбаттап кетти. Ташып алып келгендер үрөндү алып келүү иши кымбаттап кетти деп жатышат. Ошондо бир гектарга 7000 сомго үрөн алыш керек. Мындан сырткары техниканын кызмат акысы жана башкалар көп чыгымды талап кылды. Ошондой эле кант кызылчасын өткөргөндөн кийин кумшекер темир жол аркылуу келет. Ошол темир жолдун акысы дагы кымбаттап кетти деп жатышат. Эми өзүбүз эле унаалар менен ташыйбыз дешүүдө», — деди ал.

Дыйкандардын айтымында, чек аралар жабылып, кумшекердин баасы кымбаттап кетти.

«Учурда кумшекердин 1 килограммы 48 сом болду. 28 пайыз акча, 78 пайыз кумшекер деген келишим эми өзүн актайт. Себеби чек аралар жабылып, биздин жергиликтүү базарды ээлеп жүргөн Россия, Украинанын кумшекери кирбей калды. Эми бир мүшөк кумшекер 2000 сомдон ашып жатат. Эмки жылы кант кызылчасын өстүрөм дегендер көп болот. Учурда завод бизден кант кызылчасын 3,20 сомдон алып жатышат. Бизге кызылча кабыл алуучулар 28 пайыз акча, 78 пайыз кумшекер беришет», — деп билдиришти дыйкандар.

Дыйкандардын бири Бахтияр Менгилбаев гектарынан 60-70 тонна кант кызылчасын алып жатканын кабарлады.

«1 гектарынан 60-70 тоннадан кызылча алып жатабыз. Бул жакшы көрсөткүч. Баасы дагы бизди капа кылган жок. Биз Кеминдеги кант кызылча кабыл алган пунктка төгөбүз», — деди ал.

——————————————————————————-

Райондук айыл чарба бөлүмүнүн жетекчиси Калыбек Мажитовдун айтымында, 1-октябрдан бери кеминдиктер 2000 тонна кант кызылчасын тапшырышты.

«Кемин району боюнча 2022-жылга карата кант кызылчасы 588 гектар жерге айдалган. Гектарына 45-50 тонна алып жатышат. Бул жакшы көрсөткүч. Союз кезинде 35 тонна алсак, шапкебизди жогору ыргытчубуз. Азыр Германиядан келген урук менен ушундай алып жатышат. Былтыр кургакчылык болуп, түшүм анча жакшы болбой калган. Баасы дагы 5 сомдун айланасы болчу. Быйыл кабыл алуу пунк менен дыйкандардын жаӊы келишими түзүлүп, анда кызылчанын баасы 6 сом 30 тыйындан алынып жатат. Бул деген 10 тонна алып барган киши 63 миӊ сом алды деген сөз», — деди ал.

Кант кызылчасын кабыл алуучу пунктуна райондун акими Алайбек Жумаев барып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

——————————————————————————-

Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча 3417 гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Дыйкандардын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу быйыл түшүмдүүлүк төмөн. Анда былтыр бир гектарына орточо 60-70 тонна алынган болсо, быйыл 30-40 тонна алынууда.

Кант кызылчасындагы келип чыккан көйгөйлөр, кеткен чыгым менен, түшкөн кирише тууралуу Ысык-Ата райондук дыйкан, айыл чарба адиси Акан Иманов буларга токтолду. Толук маалыматты бул жерди басып окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️