Кеминде жол боюна 2000 түп Тянь-Шань карагайы отургузулду

Кеминде жол боюна 2000 түп Тянь-Шань карагайы отургузулду Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 15-февралда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун боюнда айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында ийне жалбырактуу дарактар отургузулду.

Токой кызматынын маалыматына караганда, бул иш-чаранын алкагында 2000 түп Тянь-Шань карагайы отургузулду. Иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан уюштурулду.

Бак отургузуу иш-чарасына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы башчысы — аким, ӨКМ кызматкерлери, токойчулар катышты.

Үстүбүздөгү жылдын 29-январында аталган иш-чаранын алкагында 500 түп ийне жалбырактуу, Тянь-Шань карагайы отургузулуп, экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

Иш-чаранын негизги максаты — аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле жол аймактарындагы жашылдандыруу иштерин күчөтүү. Мындан тышкары Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун боюндагы жашылдандыруу иштери өлкөнүн экологиялык туруктуулугун камсыздоого жана аймакты жашылдандыруу шарттарын жакшыртууга жардам берет.

Бул жылы Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолдун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу иштери пландаштырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️