Кеминде эң алгачкы добуш берген Кубанычбек Мурадиловго ак калпак кийгизишти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айыл аймагында шайлоо жакшы маанайда өтүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, анда эң алгачкы шайлоочулардын бири болуп добуш берген Кемин районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Кубанычбек Мурадиловго ак калпак кийгизишти. Ал өз сөзүндө ар бир тургунду жарандык милдетти аткарып, шайлоого катышууга чакырды.

«Шайлоо күн куттуу болсун. Президентибиз маани бербей, шайлоого катышпай койбогула деп айтып атпайбы, эң татыктууларды шайлайлы. Жемелеп сөз айтып жаман көрүнүшпөй, өз каалообузду сыйлап, башканы да сыйлайлы. Элибизде тынчтык, мекенибизде өнүгүү болсун», — дейт аксакал.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы билдиргендей, 2 шаарда жана 4 айыл аймакта (баарында 21 мандат бар) шайлоо өтүп жатат. Район боюнча жалпы 41 миң 411 шайлоочу бар.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️