Кеминде 35 жаштагы келиндин жансыз денеси суудан чыгарылды

TurmushЧоң Чүй каналына аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-апрель күнү Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылынын Чоң Чүй каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.

Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 3 куткаруучу жана Токмок шаардык №21 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, издөө-иштеринин натыйжасында Бообек айылы менен Чым-Коргон айылдарынын кесилишинде каналдан 1987-жылы туулган С.Б.нын жансыз денеси табылды.

Куткаруучулар суудан жансыз денени алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️