Кеминде өзүн көрсөткүсү келген эркек киши кесиптештерин 3 күн бою сабаган. Алардын бири каза тапты

TurmushКемин районунда ферманын жумушчусу мас абалында кесиптештеринин денесине залал келтирип, натыйжада 1 адам каза тапты.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 2024-жылдын 18-сентябрында билдиргендей, 2024-жылдын 7-сентябрынан 10-сентябрына чейин Кемин районунун Ильич айылында жайгашкан фермада мас абалындагы 1975-жылы туулган жаран Б.В. өзүн көрсөтүш үчүн эч себепсиз системалуу түрдө 1963-жылы туулган Г.С. жана 1958-жылы туулган И.Б.нын ден соолугуна залал келтирген.

Натыйжада 2024-жылдын 11-сентябрында Г.С. алган жараатынан каза болуп, И.Б. ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факт Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран Б.В.га айып тагылып, Бишкек шаарынын №1 убактылуу кармоочу жайына камакка алуу менен 2 айга камакка алуу түрүндө сырттан баш коргоо чарасы тандалган. Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.

Пример HTML-страницы

Ошентип, 2024-жылдын 14-сентябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Б.В. кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️