Пример HTML-страницы

Кемин шаарындагы таза суусуз калган эки көчөнүн тургундарында суу берилип баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин шаарында таза суунун түтүктөрү тазаланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кемин суу-канал» ишканасынын кызматкерлери Победа менен Берикбаев көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоо иштерин жүргүзүштү. Учурда түтүктөрдү текшерип, элге эге суу берилүүдө.

«Кичинекей тамыр, бүчүрлөр суу түтүктүн ийнедей тешигин тапса эле кирип кетет. Ал бара-бара чоӊоюп, түтүктүн бурулуштарына такалып калат. 2-3 күн 4-5 көчөдө суу жок болуп калды. Учурда тазаланып, оңдолду. Буюрса жакын арада бардык көчөгө суу толугу менен барат», – деп айтылат маалыматта.

Бул таза сууну Кемин шаарынын тургундары жана Кызыл-Октябь, Кашкелеӊ айылынын тургундары дагы пайдаланат.

«Бул таза суунун кудугу Кызыл-октябрь айылында жайгашкан. Андан бери Кемин шаарынын 80 пайыз элин суу менен камсыздап, андан кийин Кашкелеӊ айылына барат. Ал эми Кемин шаарынын 10 пайыз тургундары заводдун кудугунан, 10 пайызы темир жолдун кудугунан пайдаланышат. Суу түтүктөргө 60 жыл болуп, жаӊыртууга мезгил келип жетти», – деп кошумчалашты мэриядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX