Кемин шаарында арашан породасындагы койлордун көргөзмөсү өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районуна караштуу Кемин шаарында арашан породасындагы койлордун көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой көргөзмөгө Чүй облусундагы фермерлер өздөрүнүн чарбасындагы эң мыкты деген койлорун алып келишти. Учурда жаш курагына жараша категорияга бөлүп тандоо өтүп жатат. Анда боюу жана салмагы ченелип, калыстар тобу тарабынан упай берилүүдө.

Жыйынтыгында ар бир номинация ээлерине кубок, ардак баракчалар берилет.

Арашан породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. Арашан породасындагы койлор бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоёт. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️