Кемин районунда жаңы түзүлгөн 4 айыл өкмөттүн башчысы дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushАдминистртивдик-аймактык реформадан кийин Чүй облусунун Кемин районундагы 11 айыл аймак биригип, 4 айыл аймак болуп өзгөрдү. Ал эми райондук маанидеги 2 шаар (Орловка, Кемин) ошол бойдон өзгөрүүсүз калды.

Аймактык кабарчы 4 айыл өкмөттүн башчыларынын тизмесин тактады.

Чоң-Кемин айыл аймагы:

Чоң-Кемин айыл өкмөт башчысы болуп 54 жаштагы Асанов Таалайбек Алымсеитович дайындалды. Ал Кемин шаарында 1969-жылы 25-декабрда туулган. 2021-жылдын 18-июнунан бери Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.

Кызыл-Октябрь айыл аймагы:

Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы болуп 37 жаштагы Сулайманов Нурбек Жамалидинович дайындалды. Ал 1986-жылы 28-июлда туулган. 2017-жылдан бери Чоӊ-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Кичи-Кемин айыл аймагы:

Кичи-Кемин айыл өкмөт башчысы болуп 39 жаштагы Мамбетказиев Айбек Канатович дайындалды. Ал 1984-жылы 6-декабрда Казакстан Республикасында туулган. 2022-жылдын 21-декабрынан бери Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Чым-Коргон айыл аймагы:

Чым-Коргон айыл өкмөт башчысы болуп 44 жаштагы Бакиров Улан Кундузбекович дайындалды. Ал 1979-жылы 16-июнда Кемин шаарында туулган. 2020-жылдын 10-декабрынан бери Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️