Пример HTML-страницы

Кемин районунда электр станциясын куруу үчүн шамалдын ылдамдыгына байкоо жүргүзүлүп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Байбиче тоосуна шамалдын ылдамдыгын байкоо үчүн узундугу 120 метр болгон атайын жабдык орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү кеңештин депутаты Сырга Якупова билдирди.

Анын айтымында, шамалдын ылдамдыгы максатка ылайыктуу болсо, анда 2 гектар жерге шамал электр станциясы курулат.

«Эгер шамалдын ылдамдыгы бир калыпта болуп турса, станция курулат. Жер Кызыл-Октябрь айыл аймагында болгондуктан, салыктар жергиликтүү бюджетке түшөрү айтылды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE