Кемин районунда 15 мектеп директору жазаланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКемин районунун прокуратурасы тарабынан мугалимдер өтүлбөгөн предметтик сабактар үчүн айлык маяна алып жүрүшкөндүгү аныкталды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кемин райондук прокуратурасы тарабынан райондук билим берүү бөлүмүндө КРдин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жана билим берүүнүн сапаты боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан өтүлбөгөн 7114 предметтик саат сабактары үчүн 2022-2023 окуу жылы мыйзамсыз акча каражаттары мектеп мугалимдерине төлөнүп келгендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке 1 518 000 сомду түзгөн материалдык зыян келтирилгендиги такталды.

Натыжада райондун аймагындагы көпчүлүк мектептерде 7114 предмедтик сааттардын өтүлбөгөндүгү, окуучулардын тиешелүү деңгээлде билим алуусуна терс таасирин тийгизип, билим деңгээли төмөндөп, окуучулардын конституциялык укуктары бузулган.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде 1 518 000 сом өлчөмүндөгү чыгым толугу менен мамлекетке кайтарылып, мыйзам бузуучулукка жол беришкен 15 мектеп директорлору тартиптик чарага кириптер болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️