Кемин прокуратурасы 156 миллион сомду түзгөн айыл чарба жерин мамлекетке кайтарды

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районунун прокуратурасы тарабынан баасы 156 миллион сомду түзгөн айыл чарба багытындагы 88,7 га жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Кичи-Кемин айыл аймагында бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу, укук тастыктоочу документтери жок, муниципалдык менчикке алынбай келген жана алардан жергиликтүү бюджетке салык, ижара, инвестицициялык төлөмдөрдөргө окшогон эч кандай каражат мамлекеттин бюджетине төлөнбөй келген жалпы 88,7 га жер аянты аныкталды.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде жалпы нарктык баасы 156 800 000 сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️