Пример HTML-страницы

Келин 3 баласын кучактаган бойдон жан берген. Куткаруучу Муратбек Баеков күбө болгон каргаша

Акыркы жанылыктар

Turmush36 жаштагы Муратбек Баеков Жалал-Абад шаардык өрт өчүрүү бөлүмүндө эмгектенет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушундагы урунттуу учурлар тууралуу айтып берди.

Муратбек Баеков 10 жылдан ашык убакыттан бери өрт өчүрүүчү кызматын аркалап, өлүм менен өмүрдүн ортосунда калган жарандарды куткарып, тилсиз жоо менен күрөшүп келет.

«Өзүм Сузак районунун Жийде айылынан болом. Мектепти 2007-жылы аяктап, ошол эле жылы аскердик кызмат өтөө үчүн кеткем. Ал жактан 2009-жылы келип, 2 жыл катарынан аскердик келишим түзүп иштеп калдым. Ошол жылдары турмуш шартка байланыштуу 3-4 жыл эл катары Россияга барып, эмгек миграциясында жүрдүм. 2014-жылы мекенге кайтып келип, Жалал-Абад шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнө кирип, иштеп калдым.

Чындыгында куткаруучу болуу эң оор жана түйшүктүү кесип. Себеби күн сайын жумушка кирип келе жатканда «бүгүнкү күн тынч өтсө экен» деген жүк желкеме түшөт. Ал эми чалуу болгондо мүмкүн болушунча батыраак чакыруу болгон дарекке барып, өрттөнгөн имараттын ичинде адам болбосо экен дейм. Эгер болсо, аны ошол жерден аман алып чыгып кетүүнү ойлоном. Көп учурда адамдар өз жашоосуна жана коопсуздугуна кайдыгер мамиле жасашат. Мындан улам өрт кырсыгы келип чыгат. Алсак, узундугу 8-9 метр болгон 2 кабаттуу сарай куруп, анын үстүнө чөп жыйышат. Бир аз чок болсо эле кургап турган чөп заматта күлгө айланат. Тилекке каршы шаарда мындай окуя болуп, ондогон букалар тирүүлөй күйүп, миллиондогон чыгымга учураган жарандар болгон», — дейт ал.

Каарманыбыз өрттүн ичинде калып же иске ууланып каза болгон адамдардын сөөгүн алып чыгып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүп берүү оор экенин айтып, эсинде калган окуяны баяндап берди.

«Мындан 2-3 жыл мурда нөөмөттө болчумун. Калаадагы жер үйлөрдүн бири өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Бригаданы жетектеп, окуя болгон жерге чыгып кеттик. Барсак келиштире салынган 2 кабаттуу кооз үй. Кошуналарынын айтымында, тамдын курулганына 2-3 жылдай эле убакыт болгон. Тилекке каршы электр зымдарынын кыска туташуусунан улам өрт чыгып, келин 3 баласын кучактап жатып жан берген экен. Маркум эне жана балдардын сөөгүн алып чыкканча ыйлап, кыйлага чейин унута албай жүрдүк.

Акыркы жылдары биздин техникалар жаңыланып, шаймандар алынып берилди. Буга чейин эскилиги жеткен унаалар менен чакырууларга барып кыйналчубуз.

Дагы бир окуяны айтып берейин. Бир күнү шаардын Дача-Тилек конушунан чакыруу түшүп, өрттү өчүрүп, кайра кайтып келе жатканбыз. Ал кезде бизде «ЗИЛ» деген эски унаа бар эле. Ылдыйыштан түшүп келе жатып, тормозу иштебей калды. Ылдыйга каттуу күүлөнүп түшүп келе жатабыз, унааны токтотууга мүмкүнчүлук жок. Ошол замат айдоочу бирөөнүн үйү кырда турганын байкап калды, бактыга жараша анын дарбазасы ачык экен. Ошол жакка күүлөнүп барып, кырга чыгып, унаа токтоп калды. Ошондой шартта өмүрүбүздү тобокелге салып иштеген учурлар болгон», — деди ал.

Муратбек Баеков үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. Өзү үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE