Кең-Булуң айылында 4,5 млн сомго фельдшердик-акушердик пункт ачылды

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеӊ-Булуӊ айылында 4,5 миллион сомго ФАП курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ачылышка президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуралы Курмантаев, Кең-Булуң айыл

өкмөтүнүн башчысы Динара Сартбаева, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бахадыр Сулейманов, Ысык-Ата райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери Роза Мукаева, Кең-Булуң айылдык кеңешинин депутаттары, демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышты.

Айыл өкмөтү тарабынан ФАПтын тегерегин курчоо, көрктөндүрүү иштери жасалса, калган каржылоо чет өлкөлүк кайрымдуулук фонд аркылуу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️