Казактардын кунажынына алмаштырылган түптүк Канымгүл Абитованын жасаган шырдактары

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылынын 76 жаштагы тургуну Канымгүл Абитова ардактуу эс алууда. Ал өмүрлүк жолдошу менен үй-бүлө куруп, чейрек кылымдык өмүрүн советтер союзундагы эмгек талаасына жумшап, кампачы, комбайнчы, ашпозчулук кесипти аркалаганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Өз кезегинде жолдошу менен эгин талаасында комбайн айдаган Канымгүл апа балалык кезин мындайча эскерет.

«Мен 1946-жылы Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айылында жарык дүйнөгө келгем. Бала кезимен таенем Зууранын колунда тарбияланып, кол өнөрчүлүккө шыктандырып, кызыгуумду арттырды. Каракол шаарында мектепте билим алып, 10-классты ийгиликтүү аяктап, Түп айылындагы айыл чарба техникумуна окууга тапшырып (азыркы №2 кесиптик лицей), техника жабдуулар боюнча кесипти аркалап чыктым. Балалык кезде таенем кол өнөрчүлүккө шыктандырып, кийин турмушума да жакшы таасирин тийгизди», — деди ал.

К.Абитова өмүрлүк жолдошу менен 1969-жылы баш кошуп, Күрмөнтү айылында бир катар жумуштарды аркалаганын билдирди.

«Өмүрлүк жолдошум менен баш кошуп, Күрмөнтү айылында жашап калдык. Советтер союзунун мезгилинде 7 жылга чукул Күрмөнтүдөгү жабдуу чыгаруучу кампада эмгектенип жүрдүм. Ошол эле мезгилде жолдошум айдоо аянтта айыл чарба техникасын айдайт эле. Кээде айыл чарба шаймандарын башкарууга жумушчу жетпей, 1970-1980-жылдары мен да комбайн айдап калдым. Азыр эстесем, ошол мезгилде таӊкы саат 04:00дө үйдөн чыгып кетип, кечки саат 23:00гө чейин эмгектенчүбүз. Дал ошол мезгилде мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиев биздин эгин талаага келгенде, мени алыстан чакырып калышты. Ошондо мамлекеттик ишмерден сүрдөп, комбайнга таш сугунтуп алган элем», — деди ал.

Пример HTML-страницы

СССР мезгилинде айыл чарба техниканын жабдууларын сактоочу кампадан эмгек жолун баштаган К.Абитова мындан сырткары ашпозчу, талаачылык жумуштары менен алектенгенин жашырбайт.

«Советтер союзунун мезгилинде биз иштебеген жумуш деле калган жок. Ошентип СССР ыдырап, өлкөбүз эгемендүүлүктү алганда колхоз, совхоз, чарбалардын иши токтоду. Ал кезде 47 жашта элем. Баягы таенемен үйрөткөн кол өнөрчүлүк өнөрдү жандантып, 1990-жылдан тарта үй-бүлөбүз менен кийиз жасап, оймо салып түркүн түстүү боёкко боёп, шырдак шырыдым. Ал мезгилде өзүбүздүн мекенибизде кол эмгегибиз көп бааланчу эмес. Жолдошум Шаты айылынын тоосун ашып, казак туугандарга жөнөдү. Эки шырдакты атка өӊөрүп алып, эӊ алгачкы жолу кунаажынга алмаштырып келди. Ошентип, казак эли бири-биринен угуп, көрүп буюртма бере баштады. Бир жылда 10дон ашык кийиз жасачубуз. Андан 4 шырдак чыгарып, малга алмашуу жолу менен соодалашып, балдарыбызды окутуп, эрезеге жеткирдик», — деди ал.

Азыркы тапта кол өнөрчүлүктү улап, ар жылы жасаган кыргыздын нукура буюмдарын балдарына белекке берип келерин айтты.

«Негизинен шырдактын узундугу жана туурасы үчкө эки метр же узуну 2 метр, туурасы 80 см болот. Ар жылы уул-кыздарыма арнап, кийиз дүйнөсүн унутта калтырбай, азыры күндө да белекке даярдап, кол өнөрчүлүктү улантып келе жатам. Албетте кийиз табигый зат болгондуктан анын жылуулугу ден соолукка пайдалуу. Өткөн жылы Америкага мекендештер аркылуу жумшак оюнчуктарга буюртма алып, гитара, топ сыяктуу сувенирлерди жасап пайда таптык. Негизгиси 30 жылдан бери колго алып келе жаткан өнөрүм жерде калган жок. Жоолук токуп, кээде өз колуман даярдалган станоктун жардамы менен килем токуп, жана башка кийиз дүйнөм менен мамлекеттик иш-чараларга көргөзмөгө алып чыктык», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Канымгүл Абитова өмүрлүк жолдошу менен 50 жыл түтүн булатып, 3 уул жана 3 кызды тарбиялап-өстүрүшкөн. Учурда 26 небере жана 1 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️