Казакстанда кулчулукка кабылганын айткан Гүлбара Ташматованын учурдагы жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Ноокен айылында туулуп өскөн Гүлбара Ташматова Казакстанга иш издеп барып, кулчулукка кабылганын айтат. Жалгыз бой эне менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Анын айтымында, кулчулукта жүргөндө паспортун алдырып жиберген. Анын 2, 5, 9 жаштардагы балдары бар. Улуусу 2-класста окуйт.

«Апам менен атам эки ара жолго түшкөндөн кийин, 2001-жылы Казакстанга иш издеп кеттик. Ал кезде мен 12 жашта, сиңдим 7 жашта, иним болсо колдогу бөбөк эле. Коңшу өлкөгө кыргыз эжелердин жардамы менен барып, чоң бир сарайга жайгаштык. Ал жерде тамеки жыйнап иштеп жүрдүк. Жаңы барганда эле бизди алып баргандар «каттоого коёбуз» деп, документтерди алып, андан кийин берген жок. Маяна албай, кийимдерибиз жок, курсагыбыз тойгонуна шүгүр деп, 9 ай иштедик.

Ошол кезде сарайга жакын жашаган казак туугандардын көмөгү менен ал жерден чыктык. Алмата шаарына жакын жердеги кыргыздар жашаган айылга үй-бүлөбүз менен барып, мекендештерибиздин көмөгү менен күн кечирип жүрдүк. 2012-жылы Казакстандагы кыргыз элчилигинин жардамы менен апам, сиңдим жана иним Кыргызстанга келишти. Мен болсо иштеп кала бердим.

2016-жылы каракалпак улутундагы жигитке турмушка чыктым. Ошол жылы перзенттүү болуп, кызым 7 айлыгында күйөөм менен араздашып, Кыргызстанга келе бергем. Кийинчерээк жолдошум да бул жакка келип, ошондон бери Бишкекте, Базар-Коргондо ар кандай күнүмдүк жумуштарда иштеп, батирде жашап жүрдүк. Бирок биздин жашообузга жолдошумдун апасы каршылык көрсөтүп, мындан 2 жыл мурда үчүнчү балам боюмда кезде бизди ажыраштырып, уулун алып кеткен. Ошондон бери балдарды жалгыз багып келүүдөмүн.

Пример HTML-страницы

Азыр балдар менен Базар-Коргон шаарында батирде турам. Кыштын күнү жаңгак чагып, данегин сатып, кээде үйдө манты жасап сатам. Андай убакта кичүү баламды бешикке бөлөп, 9 жаштагы кызыма таштап кетем. Эптеп, аз болсо да каражат таап ижара акысын, азык-түлүк сатып алганга аракет кылам. Паспорт алсам балдарыма да документ жасап, жөлөк пулга тапшырып алсам, кыйла жеңил болмок. Азыр колумда туулгандыгым тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүнөн башка бир да документим жок», — дейт ал.

Гүлбара айым батирдин акчасын төлөй албай, 9 балалуу сиңдисинин үйүндө жашап жатат.

«Батирдин ижара акысы башында 1000 сом болчу, акыркы учурда 2000 сомго кымбаттады. Кыштын күнү суук, сыз болгон үйдө жашап, балдарымдын өпкөсүн да шамалдатып алыптырмын. Тапкан акчамды аларга дары-дармек алып, ижара акысын төлөй албай, батирди бошотууга туура келди. 5 айдан бери сиңдимдин үйүндө жашайм. Ал Сузактын Барпы айыл аймагына караган Комсомол айылында бирөөнүн мал сарайында жолдошу жана 9 баласы менен жашайт. Аларга жүк болуп, мен да 3 балам менен келгем. Башка кайда барарымды билбейм.

Бул жакта сиңдим менен бирге паспорт алуу үчүн паспорт столго, Базар-Коргондогу социалдык коргоо бөлүмүнө аны менен бирге Базар-Коргон шаардык мэриясына чейин кайрылдык. Бирок биздин кайрылуубуздан майнап чыкпай жатат. Баары эле «сиз Ноокенде туулган экенсиз, ошол жакка барыңыз» дейт. Ал жакка барсам, «акыркы 5 жыл жашаган жериңизге кайрылыңыз» дейт. Бул жакка бар, тигил жакка бар деген мамиледен чарчадым. Менин маселемди жогорку бийлик өкүлдөрү чечип берсе жакшы болмок. Паспорт жок пол жууганга да жумушка орношо албайт экенмин. Тирүү жүрүп, жарандыгы жок болгондон чарчадым», — деди ал.

Бул жагдай боюнча Базар-Коргон шаардык мэриясынан жооп алууга мүмкүн болгон жок.

2020-жылдан бери Жалал-Абад облусунда жарандыгы жок 23 адамга жарандык алынып берилген. Мындай маалыматты «Справидливость» адам укугун коргоо уюмунун Жалал-Абаддагы координатору Өткүр Жапаров билдирди.

«Чындыгында өз убагында жарандык ала албай же кандайдыр бир себептерден улам паспорт албай, бирок азыр анын азабын жон териси менен тартып жүргөн адамдар ондоп саналат. Мындай тенденция буга чейин деле болуп келген. 2020-жылдан бери биздин уюмга кайрылып, укуктук жардам алган адамдардын ичинен 23 кишиге жарандык алып бердик. Бизди өкүндүргөнү, жарандыгы жок жүргөн адамдарда дагы, анын жарандык актысын каттоо жайында иштеген айрым кызматкерлерде дагы маалыматтуулук аз. Мындан улам ушул сыяктуу маселелерде юристтерге же укук коргоочуларга кайрылган туура деп ойлойм. Буга чейинки жылдары мындай адамдарга жарандык алуу же алардын жарандыгына байланышкан статусун аныктоонун процедурасына жылдап убакыт кетсе, азыр атайын коммисия карап чыгып, 2-3 айдын аралыгында паспорт берген учурлар болуп эле келет», — дейт ал

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️