Пример HTML-страницы

Казакстан жөнөткөн гумжардам чуусу. Ноокатта интернетке тараган видео боюнча жооп беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Ноокат районунда 2024-жылдын 28-июнунда сел жүрүп, турак үйлөр, социалдык объектилер жабыркап, каза болгондордун саны 10 адамга жетти. Жабыр тарткан аймактарга Казакстандан гуманитардык жардам келди.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары 3 фура гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн, бирок анын бир бөлүгү гана айыл өкмөткө жетип, калганы дайынсыз экенин жазышты.

Бул жагдай боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администарциясы түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, 30-июнь күнү Казакстан Республикасынан келген гуманитардык жардамды «Ош» эл аралык аэропортунан президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары Мамажунус Абилов тосуп алган.

Казакстан Республикасынан 1850 кг азык-түлүк (гречка, макарон, чай) жана 2250 банка эт консервасы, жалпы 731 кг эт консервасы келген.

— 18 кап гречка, ар бир каптын салмагы 50 кг, жалпы 900 кг;

— 36 кап макарон, ар бир каптын салмагы 25 кг, жалпы 900 кг;

— 5 куту чай, ар бир кутунун салмагы 10 кг (10 пачка), жалпы 50 кг;

— 50 куту эт консервасы, ар бир кутуда 45 даанадан 2250 банка 325 граммдык эт консервасы.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1-июль күнү түнкү саат 02:15те Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылындагы Борбаш мектебинин спорт залында жеткирилип, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары Нургүл Зульпиева тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте актынын негизинде кабыл алган.

1-июль күнү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия тарабынан райондун аймагындагы селден жабыркаган айыл өкмөттөргө бөлүштүрүлүп, комиссия менен биргеликте селден жабыркаган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери тарабынан таратылып берилген.

Ал эми Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө Көк-Жар айылынын тургундары өз демилгеси менен гумжардамды алып кетишкен. Тактап айтканда, селден жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн жардамдын таратылышы, ошондой эле максаттуу жетиши боюнча атайын түзүлгөн комиссия тарабынан толугу менен көзөмөлгө алынган.

Абшыр-Сайдагы селде каза болгон казакстандык 4 жаранды алып кетүүгө келе жаткан учак бош келбеши үчүн гуманитардык жардам сала келишкен», — деп айтылат райондук администрациянын маалыматында.

Социалдык тармакка тараган видео:

——————————————————-

28-июнда Ноокат районунда жүргөн селден келтирилген зыян такталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүрүп, жалпы 125 үй, 1 бала бакча, 1 мектептин короосун сел каптап, анын ичинен 3 үй авариялык абалга келип, 28 үйдүн ичине, жер төлөлөрүнө сел кирген. Ички чарбалык унаа жолдорду каптап, көпүрөлөр жараксыз абалга келип, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. 26 баш бодо мал, 15 баш майда жандык, 10-15 электр мамысы селге агып кеткен. 4 көпүрө жараксыз абалга келген.

Селдин кесепетинен 10 адам каза болгон (7 жаш бала, 2 аял, 1 эркек адам киши). «Абшыр-Ата» эс алуучу жайына барган ички чарбалык унаа жол жабылган. Селдин кесепетинен унаа жолдор жараксыз абалга келгенине байланыштуу «Абшыр-Ата» эс алуучу жайында болжол менен 1400гө жакын адам, ал эми Кезарт жайлоосунда 150 адам калып калган. 12 баш бодо малды сел агызып кеткен.

Көк-Жар айыл аймагынын Найман айылында 31 үйдүн короосун суу каптап, анын ичинен 15 үйдүн ичине сел кирген. Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы көпүрөнү сел алып, унаа жол убактылуу жабылган. Бул айылда 4 баш бодо малды суу агызып кеткен.

Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу сайынан сел түшүп, 25 үйдүн, 1 мектептин короосун каптап, анын ичинен 4 үйдүн ичине сел кирген. Кош-Чан дарыясынын суусу көтөрүлүп, ички чарбалык көпүрөнү жууп кеткен. 3 баш бодо малды сел агызып кеткен.

Гүлистан айыл аймагынын Фрунзе айылында 7 үйдүн короосун каптап, анын ичинен 3 үйдүн ичине сел кирген. 2 баш бодо мал, 15 баш кой-эчки сууга аккан. Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 43-чакырымында Чили-Сай сайынан сел ашып, көпүрө жараксыз абалга келген.

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама, Дөң-Кыштак, Катта-Тал айылдарында 34 үйдүн короосун суу каптап, 2 унаа жолду сел жеп, 5 баш бодо малды сел агызып кеткен.

  • Катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында 29-июнда акимдин буйругунун негизинде, Кулатов, Көк-Жар жана Жаңы-Ноокат айыл аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарынын жетекчилигинде жалпы 68 куткаруучу, 18 техника, Жарандык коргонуу кызматтарынан 18 кызматкер, 7 техника, айыл аймактан жана жергиликтүү тургундардан 200 адам, 51 техника тартылган.

Аткарылган иш чаралар: Тартылган күч каражаттардын жардамында сел кирген 28 үйдүн ичи, 97 үйдүн, бала бакчанын, мектептин короосу толук тазаланып, жолдун жээктеринен сел калдыктары тазаланган. Ак-Өтөк сел сайынын 400 метр Кош-Чан дарыясынын 400 метр аралыгын жана көпүрөнү бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары ӨКМдин өрт өчүрүүчү унааларынын жардамы менен 9 айылга 37 тонна таза суу жеткирилген. 3-июль күнү селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылат.

Селдин чоо-жайы:

  • 2024-жылдын 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылына жааган жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сайына сел түшкөн. Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар. Анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде дем алуучу тапчандагы 7 адамды сел суулары агызып, 5 адамдын сөөгү табылган.

Бузулган көпүрө:

Ноокаттын Көк-Жар айыл аймагынын Абшыр-Сай бөлүмүнүн Найман жаңы көпүрөсүн сел алып кеткен. Жүк ташуучу чоң автоунааларга сай тараптан жол салуу иштерине техника тартылган.

Андан кийин Ноокат районундагы Абшыр-Ата шаркыратмасына эс алууга чыгып, бери өтө албай калган жарандар аман-эсен экендигин кабарланган. Абшыр-Ата эс алуу жайына баргандардын саны да көп болгон. Сел ошол аймакты каптап өткөн.

Ноокат районундагы Абшыр-Ата эс алуу жайынан жалпы 1400 адам куткарылганы кабарланган. Тик учактын жардамы менен 21 адам эвакуацияланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE