Пример HTML-страницы

Казакстан менен чектешкен айылда 47,7 млн сомго 100 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу тоо этегиндеги Чорголу айылында 100 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чорголу айылы Казакстан менен чектешкен Фрунзе айыл аймагында жайгашкан. Анда 500гө жакын калк жашайт. 1961-жылы курулган, райондун борборунан 25, Бишкек—Чалдыбар унаа жолунан 7 чакырым аралыктагы тоо этегиндеги мектепте учурда 78 окуучу билим алат. Мектептин материалдык-техникалык базасы бүгүнкү талапка жооп бербейт. Ошондуктан, республикалык бюджеттин эсебинен 47,7 миллион сом каралып, 100 орундуу, 2 кабаттуу жаңы мектептин имаратынын курулуш иштери башталды.

Ал эми Чорголу негизги жалпы билим берүү орто мектебинин директору Султан Карбосов: «Жыл өткөн сайын эски мектептин пайдубалы жерге чөгүп, дубалдарынан жарака кетип, кооптуу жайдайга айланган. Эми курулушу старт алган кош кабаттуу жаңы мектепте заманбап шарттар түзүлүп, ашкана, спорт зал жана башкалар болот. Учурда пайдубалын куруу үчүн аянтча казылып, курулушка ыкчам даярдыктар көрүлүп жатат», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE