Казакстан менен чектеш айылда жолдун шагылы алынууда. Транспорт министрлиги чоо-жайын тактады

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунун Степной айылында жолдун шагылын сатып жатышат деген маалымат боюнча Транспорт жана жол министрлиги маалымат берди.

Аталган түзүм Степной айыл өкмөтүнүн башчысы Аскат Насыркулов менен байланышканда, ал Степной айылдык кеңешинин депутаттарынын чечиминин негизинде союз кезинде курулуп, кийин пайдаланылбай калган 400 метр эски жолдун шагылын алып, муниципалдык мааниси бар, жергиликтүү эл колдонуп жаткан ички жолдорго төгүп, оңдоп жаткандарын билдирген.

«Ошондой эле, Аскат Насыркулов Транспорт жана жол министрлигинин балансындагы 45 чакырым Кара-Балта—Степной автожолуна тиешеси жок. Ал жолдон бир таш дагы алынган жок. Ал жолдун сакталышына, техникалык абалына, канааттандырарлык болуп турганына жергиликтүү эл, айыл өкмөт өзүбүз кызыкдар деп жооп берди», — деп айтылат маалыматта.

• Калктуу аймак Казакстан менен чектеш жерде жайгашкан.

Буга чейин алыскы Степной айылынын жергиликтүү тургундары сугат каналдарын оңдоо үчүн жолдогу шагылдарды алып кетүүгө жергиликтүү бийлик макул болгонуна нааразы болуп жатканы кабарланган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️