Каза болгондордун саны 10 адамга жетти

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарына жакын жердеги айланма жолдогу кырсыктан каза болгондордун саны 10 адамга жетти. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук жалпы практикалоо борборунун дарыгерлери билдиришти.

Ал эми өздүк булактардын маалыматына караганда, 3 эркек, 5 кыз-келин, аял, 2 жаш бала көз жумду:

Көз жумган эркектер:

— 1999-жылы туулган С.Б.

— 1992-жылы туулган Ш. уулу Т.

Пример HTML-страницы

— 1992-жылы туулган Т.Э.

Көз жумган кыз-келиндер:

— 1958-жылы туулган Ж.Д.,

— 1956-жылы туулган Д.Т.,

— 1970-жылы туулган Д.Д.,

— 2000-жылы туулган Н кызы Н.,

— Бир аялдын аты-жөнү такталууда,

Каза болгон 2 бала:

— 2015-жылы туулган Ш.Э.,

— 2023-жылы туулган Ш.Э.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 1-сентябрда Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда бир нече унаанын катышуусунда жол кырсык катталганы кабарланган.

Токмок шаарындагы ооруканадан аталган кырсыктан 5 адам жабыркап түшкөнүн билдиришкен.

«5 кишинин бири өспүрүм жана анын абалы оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө эс-учуна келбей жатат. Калган 4 бейтаптын абалы туруктуу», — деп айтылган маалыматта.

ИИМдин маалыматы:

2-сентябрда ИИМ бул кырсык боюнча маалымат берди. 1-сентябрда саат 15:20 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында «Субару Аутбэк», «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү 2 унаа, «Тойота Камри» жана «Тойота Вокси» үлгүсүндөгү 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Субару Аутбэк» үлгүсүндөгү автоунаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып, башкарууну жоготуп, каршы тилкедеги «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кийинки кырсыктар ошондон кийин катталган.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 7 адам көз жумганы белгилүү болгон.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️