Пример HTML-страницы

Катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон кызды эки күндөн кийин гана ооруканага алып барышкан. Ал дагы деле эсине келе элек

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде 2 жаштагы наристе ур-токмоктун айынан ооруканага түштү. Бул тууралуу анын таенеси К.Урмат билдирди.

Наристе 7-июнь күнү Баткен облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда түшкөн.

Таене небересин күйөө баласы урганын, буга чейин дагы кол көтөрүп келгенин айтууда.

«Кызымдын биринчи турмушунан боюнда болуп келген. Ажырашкандан кийин ушул кызын жарыкка алып келди. Көп өтпөй Бужум айылынын тургуну, азыркы күйөө балам колун сурап, ата-энеси да макул болуп, кызымды неберем менен чогуу алып кетишкен. Турмушка чыкканына 2,5 ай болду. Бул аралыкта неберем бир канча жолу көкала болуп жүргөнүн көрдүм. Бир жолу тилин тиштеп алыптыр. Ошондо да күйөө балам түртүп салган экен. 3-июнда туулган күнүнө барганымда да колдорунда тактар турган. Жаңы-Жерде каттоодо болгондуктан, эмдөөгө алып барды. Ошондо да тактарды көрдүм. Күйөө балама да, кайын энесине да «балага жабыр кылбагыла» деп айттым. Бул боюнча баары эле билишет. Кызым да урат деп айтып отурат. Башында милицияга кайрылган эмеспиз.

Бул жолу «ичи ооруп, ооруканага түшүп калдык. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алып келиңиз» дешти. Оюмда эч нерсе жок ооруканага барсам, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Азыркыга чейин өзүнө келе албай жатат. Ходоноктон жыгылды дейт. Бети-башы көгөрсүн дейли, башка жактары эмнеге көкала болуп жатат? Кызым турмушка чыкканга чейин бул неберемдин эч бир оорусу болгон эмес. Кеч басып жатат. Азыр эми ходоноктон бут тиреп калган эле. Күйөө балам жазасын алсын, милиция тыкыр көзөмөлдөсүн», — дейт Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну.

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынан билдиргендей, наристе сабалгандан кийин, эки күндөн соң оор, эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Мындан улам азыркыга чейин оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«2022-жылы 2-июнь күнү төрөлгөн М.А. 7-июнь күнү саат 09:01де оор абалда, эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн. Абалы өтө оор болгондуктан, аппаратка алынган. Милицияга кабар берилген. Алар да суракка алышкан. Дем алуусу начар, дене табы жогору, баш мээси чайкалган, башында көкала тактар, шишик бар. Колдорунда да көкала тактар бар. Азыр шишиктер кайтып жатат. Бирок бала дагы деле өзүнө келе элек, оор абалда. Кыз тубаса ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, баса элек.

Апасынын айтуусу боюнча өгөй атасынан буга чейин да токмоктолгон. Бирок акыркы жолу катуу сабаган. Сабалгандан кийин, эки күндөн соң, өзүнө келбегендиктен бизге кайрылган», — дейт бейтапкананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Курбанбек Дыканов.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2 жаштагы наристе ооруканага түшкөндүгү боюнча билдирүү келген. Бирок эч кандай доо-арыз түшкөн эмес. Бүгүн, 11-июнда бул факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE