Катуу сел Бишкек—Ош жолундагы кыймылды токтотту. Азыр эмне болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 23-июнунда болгон катуу сел Бишкек—Ош жолундагы автотранспорт кыймылын токтотту. Эки багытта тең тыгындар пайда болду.

Учурда атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Ылай менен таштар жолдун 375-чакырымын тосуп калган. Жарандар буюм-тайымдарын алып, ылай жана таштарды ашып, аркы өйүзгө өтүшүүдө.

Бишкек—Ош каттамындагы айдоочулар жүргүнчүлөрдү башка унааларга салышууда.

Ал эми Токтогул суу сактагычына барып, сууга түшүп эс алгандар жана Бишкектен келе жаткан кара-көлдүктөр автоунааларын ыңгайлуу жерге токтотуп, шаарды көздөй жөө келишүүдө.

Пример HTML-страницы

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 23.06.2024-жылы Бишкек—Ош жолунун 373-374-чакырымында жамгырдан улам катуу сел жүрүп, таш аралашкан ири көлөмдө көчкү түшүп, жолду толугу менен жаап калган.

Азыркы учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин окуянын күбөлөрү Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, 2024-жылдын 23-июнь күнү саат 16:00 чамасында Капчыгай аймагындагы сел Бишкек—Ош унаа жолунун 375-чакырымында унаа кыймылын жаап калган.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын Көк-Бел тилкесинде жамгыр жааган. Кокту-колоттон сел агып түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️