Пример HTML-страницы

Кашканын аталышы айылдагы жолдун жана үйлөрдүн долбоорун түзгөн инженердин ысымынан коюлган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарынын Кашка айылы айыл макамын ала турган айылдардын катарында турат.

Орловка шаарынын мэри Бакыт Чанчаровдун айтымында, айыл 1959-жылы түптөлгөн, Орловка шаардык мэриясынын карамагында турат. Бирок айыл макамын алган эмес. Союз убагында бул жерлер сейрек кездешүүчү металлдар чыккан. Айылдын тургундары Кемин тоо-металлургиялык заводунда иштешкен.

Айылдын аталышы Комсомол айылында жашаган Кашка деген кишинин ысымынан коюлган. Ал киши Кашка айылынын жолунун жана айылдын ичиндеги үйлөрдүн долбоорунун инженери болгон.

Учурда Кашка айылында 120 киши жашайт. Айылда ФАП, мечит бар жана муниципалдык бала бакча бар. Бала бакча иштебейт. Ал эми окуучулар Орловка шаарындагы мектепке автобус менен каттап окушат.

Буга чейин шаар мэри айыл макамын ала тургун Подгорный айылы тууралуу айтып берген.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш «Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE